Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган эки макала «Советтик
Кыргызстанга» жарыяланды:17 январдагы санына
«Манастын ашы берилгенби?» Мукаш Найманбай уулунуку, 2-3 февраль 1991-ж санына
доцент Лайли Үкүбаеваныкы «Ашы берилген» деп тактоо иретинде чыкты. Экөө тең
өзүнчө туура
Көзү өтүп кеткен маркумга жылдыгын
эскерип, артында калган үй-бүлөсү, укум-тукумдары же жакын туушкандары,
эли-журту ашын берүү, куран окутуу кыргыздардын абалтадан келе жаткан ата мурас
салттарынан болуп калган
Ошондой болгондон кийин кыргыздын
канны, эң жогорку даңктуу батыры, эл атасы Манаска арналып кантип аш берилбей,
куран окулбай калсын. Мүмкүн эмес да…