Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Четверг, 28.03.2024, 20:16   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Жомок

Манастын ашы

Манастын ашы

(такташалы)

Шүкүрбек Бейшеналиев

Көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган эки макала «Советтик Кыргызстанга» жарыяланды:  17 январдагы санына «Манастын ашы берилгенби?» Мукаш Найманбай уулунуку, 2-3 февраль 1991-ж санына доцент Лайли Үкүбаеваныкы «Ашы берилген» деп тактоо иретинде чыкты. Экөө тең өзүнчө туура. Ээсинин аты так жазыльаган мурас күдүк туудурбай койбойт. Каерден табылса, ошо чөлкөмдөгү чыгармачыл адамга ыйгаруу ниети болору лазым. Көргөн көз, уккан кулакта жазык жок. Манаска аш берүү калайыкка белгилүү, китеп болуп басылган Сагынбай менен Саякбайдын варианттарында, С. Мусаевдин кара сөзгө айлантып жазган «Манасында» да жок болсо Найманбай уулунун табылгага сүйүнүп жардаганы, төрт миң сапча ыр дастандын («Каныкейдин Манаска аш бериши») кол жазма көчүрмөсүн илимдер академиясына өткөргөнү адамкерчиликтүү мамиле

Ал эми Л.Үкүбаеванын илимпоздук шык менен дал ошондой Манаска аш берүү эпизодун сактап жүрүшкөн, үзүндүлөтүп өз ооздорунан уккан карыя адамдарга, болгондо да Тоголок Молдонун талантына табыган, ошо дастандын кол жазмаларын күнү бүгүнкүдөй бапестеген менин урматтаган жердештерим: Биримкул Токобай уулу менен Жусупжан Молдокан уулуна кеңири баарлашып билген табылгаларды журтубузга кабарлаганы өтө маанилүү

Экөөнү тең, айрыкча Л. Үкүбаеваны колдоо менен тактоо, кошумчалоо иретинде пикир айтмакмын. Лайли түшүнгөндүк кылып магнитофонуна түшүргөн, Тоголок Молдонун «Семетейинин» толук вариантынын эазмасы, ж.б. казалдар бар сексенден өткөн Молдо Жусупжан да, эл агартуунун отличниги, менин мугалимим Биримкул аксакал да Куртка айылында бирге жашаган курбу адамдар. Алардан улуураак жакында көзү өткөн жазмачы, чечен Турсунбек, Лайли сөз кылган Жусупжан мурастаган жазма казынанын ээси сабаттуу атасы Жепкетердин Мырзалысы, кайда жүрсө папкеси толо казал ала жүрүчү, үнү коңгуроодой актив бажасы Такырбаш Ыманкул уулу өз алдыларынча агартуучулар, эл арасында кадырман адамдардан болушкан. Сөз казынасын жогору барктап, чогулгандарга күндөп-түндөп окуп, айтып жарп жазып, элдик кенчти ишенимдүү жакындарына табыштап өтүшкөн. Жусупжан карыянын «Бул айтып жаткан сөз Тоголок Молдонуку» дегени, Манастын ашын баяндашы эч талаш туудурбас чындык

Биримкул аксакалдан «Манаска аш берүү» Тоголок Молдонун варианты, макалада көрсөтүлгөн 12 дептер барлыгын уккам. Атасы Токобай бизге жезде эле. Чанда гана эл суранып, көңүлү жайдарыланганда чүчтө сакалын жайкап мукам доошу менен бакылдата, мен уккан манасчылар: Байымбет, Багыш, Молдобасандай өтө уккулуктуу келиштире (Сагынбайдын, анын баарынын устасы, пири Тыныбектин ыргагын, ыкмасын улап) эт бышымдап айтчу. Анын Сагынбайдан дагы, Тоголок Молдодон дагы Манаска кулак төшөп шыктануусу ыктымал. Арийне, сөз төркүнү Сагынбай менен Тоголок Молдонун экөөнү тең улуу дастанчы Тыныбектин шакирти болгондуктарында эмести

Былтыр Тоголок Молдонун 130 жылдык тоюнда Лайли далил туткан сөз кунарын ыйык баалаган карыялар: Биримкул, Жусупжан кыйла жердештери менен радио, теле көрсөтүү аркылуу борборго келишип, мейман кабылдашып демилгелүү катышышты

Эми кеп учугу суурулган соң алигиче көпчүлүккө белгисиз «Манастын ашынын» берилгенин баяндаган вариант небактан эле бар болсо да элге алигиче жеткизбеген күнөө өзүбүздө экендигине токтололу

Илимпоз Лайлинин эл арасындагы сакталган улуу жазгыч акындын «Манаска аш берүүсүн» таап жардаганы өзүнчө кубанычтуу иликтөө. А чын чынына келгенде илимдер академиясынын кансалыгында Тоголок Молдо өзү табыштаган «жалгыз жазма вариантта» Каныкейдин Манаска күмбөз салдырганынан кийин атайын «Манастын ашы» деген бөлүм бар. Анны окуган, изилдеген белгилүү чөйрө гана билет. Кап десеңчи, ага Л. Үкүбаева кабардар болгондо «Ашы берилген» макаласын абдан тереңдетип, кеңитип жазмак

«Тоголок Молдонун варианты» деген 1981-ж. «Илим» басмасынан чыккан маанилүү монографиясынжа адабиятчы жана акын О. Сооронов «Манастын ашы» бөлүмүн он алты бапка бөлүп кеңири талдоо жүргүзөт (китептин 28-29 беттеринде)

Ага токтолбойлу. «Манаска аш берүүнүн» жалпы мазмууну төмөнкүчө жорупталат

Манастын күмбөзүн орнотуп жыл маалына толгондо Каныкей баатырга аш берүү жөнүндө Абыке менен Көбөшкө акылдашат. Көбөш Акылай жеңесинин тилине кирип «Катын берген аш кайсы болмок эле» деп Каныкейге кыяпат айтат

Каныкейди колдошуп Бакай, Жакып, Абыке көптөп Көбүштү көндүрүшөт. Кокондон Сынчыбекти, Ташкенден Кайымбекти, Букардан Шамыратты, Алайдан Эштекти, Жамгырчыны, Котондон Төштүктү, Айран-Суудан Агышты, Кымыз-Суудан Кожошту, Ат-Башыдан Кошойду, Чоң-Кеминден Үрбүнү, Сары-Аркадан Көкчөнү чакыртат. Чакырууга Акбалтанын Сердимак, Ырчы уул, Абыш, Чыңгыштарды аттандырат. Шыгай Манаска бата кылбагандыктан Бакай анны чакырбай коёт

Конок алууда Баймат азолок чыр чыгарат. Көкөтөйдүн ашын Манас башкарса Манастын ашына Үрбү башчылык кылат. Көкөтөйдүн ашынан айырмалантып Каныкей аңзалу кошок кошот. Каныкей Шыгайдын каршылыгын, Абыке, Көбөштүн жасаган мамилесин, Семетейдин болочокку тагдырын безеп, Кошой баштаган кыйласынын камкордугун мактап узун сабак кошот, Манастын бакма уулу Желдеңбай да кошокто эскерилет. Кошок уланып атпай журт жапырт кулак төшөп жатканда конок алууга жарабаган Көбөш жылкыны айдатып кетип арамдыгы билинет. Үрбү менен Агыш арсыз Көбөштү сабашып, күнү Акылайды (Көбөшкө тийчү) байгеге саябыз деп опузалашат

Оюн тамаша: эңиш, күрөш, эр сайыш, төө чечмей, жамбы атыш, таздардын сүзүшү, ат чабыш ж.б. шаңдуу өтөт. Биринчи күлүккө миң жамбы, 9000 дилде, 90 кызыл нар сайылат. Ат чабышка алты жүз буудан айдалып, айдоочуга Чыңгыш шайланат. Көкөтөйдүн ашында Манастын Аккуласы чыккан. Манастын ашында Үрбүнүн Кыйды Кара аты алдыда келе жатканда Каныкей укса уят деп Семетейдин Тайбуурулун астыга өткөрүп чыгарышат

Токсон беш жашаган Кошой Каныкейге ыраазычылыгын билдирип, ашка чын баасын берет: «Көкөтөйдүн ашына аш жетпейт, анткени анны Манас баркарган. Манастын ашы чыр-чатаксыз тынч өттү, бул жакшы жагы, бирок жыйнаган элиң аз болду. Жакшылап аш бергенге өз балаң жаш болду»

Найманбай уулу кабарлаган Тыныбектин варианты делген «Манастын ашына» окуяны Үкүбаева Жусупжан агадан угуп «ал кол жазманы убакыттын жетпегенинен толук жаза албаганына» өкүнгөн эпизод Тоголок Молдонун кансалыкта катылуу кол китебинин эле көчүрмөсү чыгаар. Баса, элүүнчү жылдардын аягында Нарындын «Сегизинчи мартынан» убагында Байымбем атанын али күүлү кезинде Курткада айылдык кеңештин төрагалык кызматында жүргөн созмөр, кадырлуу адам Кожоке Оморов калың түптөлгөн араб арибинде сулуу жазылган Тоголок Молдонун «Манасын» алып келгенде академиядагы Манасоведдер мунун түп нускасы бизде бар дешип албай коюшканда кайран киши кайра эллине көтөрүп кеткен. Былтыр Кожоке маркумдун иниси убагында актив болуп жүргөн, азыр карыя А. Оморовдон сурамжыласам Нарындык бирөөлөргө алгоолонуп кеткенин, кеим экенин дайнын так айталбай койду. Мукаштын колуна тийген балким, ошо болуп жүрбөсүн, балким башкадыр

Кантсе да «Манастын ашы» сүйүнчүлөнүп баалуу табылгага айланып өзүбүздүн илим кенчи сакталган академиябызга табышталганына курсантпыз

Кол жазмалар бөлүмүндөгү жана Манас секторундагы окумуштууларыбыз бирдикте талдашып, мынчалык түптүү элди түрүлтө сөз козголгон соң («Манастын ашы») Тоголок Молдодон сырткары Ыбырай Абдыракман уулунун вариантында да барлыгынан даректербиз, кимдики болсо да илимий жыйынтыкты гезитибиз аркылуу калайыкка айкындашарына ишенебиз, күтөбүз

3. 02. 1991

Категория: Жомок | Добавил: elbilge (11.05.2010)
Просмотров: 1734 | Рейтинг: 5.0 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 615
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz