Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Пятница, 26.04.2024, 04:51   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Жомок

Манастын ашы берилгенби?

Манастын ашы берилгенби?

Найманбай уулу Мукаш

Көзү өтүп кеткен маркумга жылдыгын эскерип, артында калган үй-бүлөсү, укум-тукумдары же жакын туушкандары, эли-журту ашын берүү, куран окутуу кыргыздардын абалтадан келе жаткан ата мурас салттарынан болуп калган

Ошондой болгондон кийин кыргыздын канны, эң жогорку даңктуу батыры, эл атасы Манаска арналып кантип аш берилбей, куран окулбай калсын. Мүмкүн эмес да…

Бирок, көзү өтүп кеткен манасчылар Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаковдордун бизге калтырган эпос китептеринде же жана башка оозеки ырдаган ырларынан Манаска арналып аш берилгендигин угуп же китептерден окуганыбыз жок. Ал гана эмес 1986-жылы Мусаевдин кара сөз менен жазган китебинде да Манаска аш берилгендиги жөнүндө сөз жок

Бардык эле адабияттарды окусак Манас өлөрү менен эле, Абыке, Көбөштөр канн ордосуна чабуул коюшуп, Каныкейди ур-бериге алышып, кордук көрсөтүп кирет. Ушундай кантип жосунсуз салттар болсун. Кыркын белгилей электе эле Каныкей, Семетей, Чыйырдыларды Букарага качыра коюшкандары Манас айтуучулар үчүн туура еле эмеско деп ойлойм. Чыны менен эле, Манасчылар же жазуучу, академияда иштегендер ушуну билишпейби? Же аш берилгени ачыкка салып айтылбаска башка да бир өзгөчө себеби барбы? Кээде айрым жазуучу, академияда иштеген илимпоздун сөздөрүнөн: Манаска аш берилген болсо, Манас чыныгы өлгөн адам болуп калат. Манас өлгөн эмес. Ал биз менен тирүү жүрөт, ошол үчүн Манастын ашы эч жерде айтылбайт деген сөздөрүн жакындагы өткөн республикалык жыйындагы трибунада сүйлөп жатканда угуп калып таң калдым

Ошондон кийин Манастын ашы жөнүндө билгендеримди сиздердин ортоңорго салуну туура деп ойлодум. Эмесе Манастын китебин жазып жаткан сиздер билбесеңер, жылдыгы эскерилип Манаска чоң аш берилген. Кантип Манаска аш берилбей калсын. Болгондо да Каныкейдин демилгеси боюнча бүткүл Орто Азиядагы мусулман элдери чакырылып, Таластын өзүндө 30 күн созулган аш берилген. Ащка кытай, калмак сыяктуу кыргыздын душмандары гана чакырылган эмес. Анткени Манастын өлүмүнө Коңурбай себепкер болуп олтурбайбы. Экинчи жагынан алар дагы бир нерсеге шылтоолоп ашта чатак чыгарса, аларга мурдагы Көкөтөйдүн ашындагы такаат берүүгө, Манас болбосо да Алманбет, Чубак, Сыргак  сыяктуу жана башка чоң баатырлар жоктугунан, алакандай кыргызды талап кетер деп кооптонушуп чочулашкан

Манаска аш берилгендиги жөнүндө илгери өткөн чоң манасчы Жапый уулу Тыныбектин айтуусу боюнча кагазга түшүрүлгөн төрт миң сапча ыры менде бар эле. Эпостун бул бөлүгүн нарындык Мамбетов Обонбай деген адам сактап жүргөн экен. Арабчадан биздин орус алфавитине көчүрүп жазып алган ырын Чолпобаев Жапардан мен сурап алганмын. Жогорку эки кишинин тең көздөрү өтүп кеткенине 20-30 жылдар болуп баратат. Менин оюмча академияда да көчүрмөсү бар го деп ойлоп жүрчү элем. Көрсө жок окшойт

Каныкейдин Манаска аш бердиргендигинин чындыгын далилдеп Тыныбектин айтуусу боюнча эпостун айрым жерлеринен бир аз үзүндүлөрүн келтирип көрөйүн:

…Каныкей калган кайгырып

Кан Манастан айрылып

Күкүктөй үнү басылбай

Күйүтүн тартып зар ыйлап

Наркты бузду Чиркин деп

Акылайга ар кылып

Сарайдын көркүн даң кылып

Сарамжалын жам кылып

Эрке катын Каныкей

Элге сөзүн шар кылып

Төрөмдүн ашын берем деп

Атбай журтка жар кылып

Эрке катын кеп баштап

Эмми кирди эрмеке

Манастын ашын бермекке

Кайын атам болсо кары деп

Далай жашка барды деп

Баласы Манас өлгөн соң

Акылдан айнып калды деп

Кадимден кыргыз аш берсе

Карысы бийлеп берүүчү

Кары, жашы кеңешип

Барысы бийлеп берүүчү

Кандын ашы болгон соң

Калка кабар берүүчү

Кан Манастын ашына

Калк жыйылып келүүчү

Элет кыргыз өлгөн соң

Эркеги бийлеп берүүчү

Катын, бала карынын

Айтканына көнүүчү

Уялбай ашты башкарып

Ургаачы качан берүүчү

Ургаачы кылган кызматтын

Урматын эркек көрүүчү

Атаңды алып кашыңа

Бакайды алып башына

Абыке, Көбөш камынгын

Агаңар Манас ашына

Казына даяр кенен деп

Союлчу малды белендеп

Манаска кылган кражат

Барысын таап берем деп

Каныкей кылды кайратты

Казнасын жайнатты

Кылымга бүтүн аш Бер деп

Кызыл тилин сайратты

Кеңешин угуп келиндин

Көбүнө аккан кебинин

Жакыпка жайлуу кеп болду

Бакайга насаат эп болду

Күрүлдөгөн Көбөшкө

Көкөйдөн кеткис кек болду

Акылман тууган Абыке

Артын айкап ойлонду

Абышкалар билсин деп

Алдына түшүп жойлонду

Көбөш турду күрсүлдөп

Көтөрүлүп түрсүлдөп

Темиркандын долосу

Ашын өзү берсин деп

Кара бет айтып калган соң

Кылдым деп Буга ардыкты

Каныкей кылып жардыкты

Көрсөтүп турсун бардыкты

Өзү билген шуркуя

Өзү билип берсин деп

Катын билген бул ашка

Кантип адам келсин деп

Мен билсем ашты бербейм деп

Бермек турсун көрбөйм деп

Күрүлдөгөн ит Көбөш

Көрүүнө чырды баштады

Көңүлү калган Каныкей

Бул чырынан качпады

Баласынын жашынан

Масылат кеби аксады

Аксакалдар билсин деп

Акылдан кашкөй шашпады

Акылга дыйкан Абыке

Айтып сөзүн тундурду

Аксымдык кылган Көбөштү

Аш бермекке көндүрдү

Бакай, Жакып баш болуп

Масилет, кеңеш токтоду

Карыса да Бакайга

Мына ушундай кеңештен кийин Бакай жалпы Атбай, Алашты жыйнатып кеңеш куруп, кемеге ашына ат чаптырып анда Тайбуурул чынып келди

Андан кийин төрт тарапка - төрт мыкты жигитти күлүк ат мингизип күрөөкө тондон кийгизип, ашка чакырууга кабарчылыкка жиберет. Катагандын Канкошою, Элемандын Эртөштүгү, жакын тууган Таздын уулу Эр Үрбүгө, Акбалтанын Сырдымагы, Жедигердин Агышы, Эштектердин Жамшырчысы, Өзүбектин Сынжибеги жана казак кандарына, Самаркан, Букар, Ташкенге, Анжиян, Орчун, Кокон, Маргалан, Наманган, Кожент кыскасы ат жеткен жердин баарына кабарлатып чакырылгандар бүт келишти

Ашка Нойгуттан Шыгайкан келбей калды. Мындай башка Акун канга гана кабар берилбейт, себеби Манас өлüондө келип топурак салбагандыктан чакырылган жок. Чогулган элдин алдына Бакай чыгып Манаска жакын туугандарынын бири Урбу болот. Ошондуктан:

Ашты Урбу бил деди

Сенден башка билүүчү

Аштын ээси ким деди

Мнун жалпы эл макул табышып, жардамчысына Эр Агышты, түпкү кеңешчисине Бакайды даындашты. Таластагы бүткүл кыргыз эли 30 күнү конок алышып, ала-Тоодой эт, Алакөлдөй чык кылып дегендей аш тамагы берилип, кыргыздын салттуу оюн, тамашаларынын бардык түрлөрү ат чабыш, эр сайыш, балбан күрөш, эр оодарыш, жамбы атыш сыяктуу бардыгы болду

Ошентип Манастын ашы берилип бүткөндөн кийин гана Каныкейди Абыкеге тийгин, болбосо балаңды да, өзүңдү да өлтүрөмүн деп Көбөшкан ордого чабуул койдурганда Каныкей Семетейди көтөрүп Чыйырды энесин Букарага жөө качкан. Мындай көрүнүп турган чындыкты эпоско кошпой коюунун кимге эмне пайдасы бар

«Каныкейдин Манаска аш бериши» деген эпосту мен жакында илимдер академиясына өткөрүп бердим, эми мындан ары жалпы жумуруятка жарыяланат го деген ойдомун

 

Категория: Жомок | Добавил: elbilge (11.05.2010)
Просмотров: 1658 | Рейтинг: 5.0 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz