Жеңижокко ырдаганы Эсенаман Жапак уулу (1833-1913)
Бирөөнүн
эли эл болбойт,
Аманбы,
балам Жеңижок!
Абаңдын
сенден Кеми жок.
Ак
калпактуу кыргыздан
Айтышаарга
теңи жок.
Аламан
ырчы көп жүрөт,
Балам,
айтканынын эби жок!
Эсенби, балам Жеңижок!
Эсеңдин
сенден Кеми жок.
Эки
жакту пендеден
Эрегишээр
теңи жок.
Элимде
ырычы көп жүрөт
Эки
ооз кепке эби жок!
Кандайсың, балам
Жеңижок?
Картаңдын
сенден Кеми жок.
Кара
жаак пендеден
Каяша
кылаар теңи жок.
Калкымда
ырчы көп жүрөт
Калжырай
берген эби жок!
Үч-Кошой менен кең
Талас
Өз
атаң жердеп өлгөн жер.
Өөктөп
жатып чогулуп
Өкүрүп
тууган көмгөн жер.
Өзөнүн
бойлоп башынан
Өмүрүң
өсүп өнгөн жер.
Өзгө
жерде өкүнбөй
Өз
элиңе көчүп кел!
Чоң атаң жердеп
өлгөн жер,
Чогулуп
тууган көмгөн жер.
Чоочун
жерде өкүнбөй
Чоюлган
журтка кайтып кел!
Калкың менен
болбосоң,
Кайрат
айтып не кылам.
Сөөлүм
бар тилимде
Сөздөн
кантип жаңылам.
Кабыл
алсаң айтканды
Кайта
келгин Таласка.
Өлсөң
ыйлап көмүүчү
Өз
үйүңдөн адашпа.
Жалдырап
барып көзүңдү
Жат
элдин көзүн каратпа!
Бирөөнүн жери жер
болбойт,
Бирөөнүн
эли эл болбойт.
Туурасын
айтсам мен сага,
Туугандуу
адам кем болбойт
Башканын жери жер
болбойт,
Башканын
эли эл болбойт.
Артын
ойлоп карагын
Айылдуу
адам кем болбойт.
Эсиңди
жыйып элиң тап!
Эзелки
Талас жериң тап!
Карап
тургун, карагым,
Карылык
сөздөн сүйлөйлү
Калкынан
азып жүргөн бар,
Кайрылып
келсең кадырлап
Калдайган
журтуң сүйбөйбү!
«Калкынан
качкан акмак» деп,
Сага
да бир кайлыгер сөзү тийбейби?
Капилет
жерден жоо болсо,
Карөзгөй
жала, доо болсо,
«Каңгырап
жүргөн акмак» деп,
Катындын
тили тийбейби?
Каралашаар
тууган жок,
Кармап
минээр буудан жок,
Балам,
кайгырып ичиң күйбөйбү!
Тентибей
элге кошулсаң
Теңтуштар
сени сүйбөйбү
Теминишкен жоо
болсо,
Тексиз
жерден доо болсо,
«Тентиген
элсиз акмак» деп,
Тентектин
тили тийбейби?
Теңдигин
айтаар киши жок
Телмирип
ичиң күйбөйбү?
Угуп
тургун карагым,
Үлгүлүү
сөздөн сүйлөйлү.
Өзгө
жерден келген көп
Улутунуп
жүрбөйбү.
«Өзү
башка элден» деп,
Сага
бир өжөрдүн тили тийбейби?
Өбөк
кылаар тууган жок,
Өмөчтөп
минээр буудан жок,
Балам,
өрттөнүп ичиң күйбөйбү?
Карысы
жайштай жыргаган,
Жаштары
жаагын жаный ырдаган,
Калың
кытай биздин эл,
Кара
башың маң кылбай
Кайрылып,
балам мында кел!
|