Санат Жеңижок (Өтө) Көкө уулу (1860 - 1918)
Бар болбой
малың чачылбайт,
Жок
болбой жонуң ачылбайт.
Башыңа
мүшкүл иш түшпөй,
Малың
арзан сатылбайт.
Кеспей
терек жыгылбайт,
Жетимдин
арты жабылбайт.
Куусуз
чакмак чагылбайт,
Ылайсыз
дубал курулбайт.
Жаманга
тандап кеп айтсаң,
Кабаган
иттей ырылдайт.
Атылган
мылтык сай болбойт,
Эсеп
таппай, бай болбойт.
Куш
кадырын биле албайт,
Өмүрүндө
салбаган.
Пөпөлөсө
жарашат
Туйгун
таптап кармаган.
Алдейлесе
жарашпайт
Алдына
бала албаган.
Өлмөйүнчө
кор болбойт
Жакшы
адамды жандаган.
Ар
жерге батпай ушакчы
Элден
элди тандаган.
Сөз
кадырын биле албайт
Өзүнөн
акыл чыкпаган.
Кеп
маанисин биле албайт
Башынан
акыл жукпаган.
Жан
кадырын биле албайт,
Айтса
акылды укпаган.
Тон
кадырын биле албайт
Торко
тандап кийбеген.
Ашыктык
жайын биле албайт
Албырып
отко күйбөгөн.
Жар
кадырын биле албайт
Жаш
кезинде үйлөнгөн.
Жоо
кадырын биле албайт
Алты
сай бараң атпаган.
Жетелеп
жүрүп байге албайт
Мурунтан
буудан чаппаган.
Нар
кадырын биле албайт
Жетелеп
төө тартпаган
Колуңдан дөөлөт
тайганда
Агайын
сенден жат болот.
Аласа
кирбей колуңа
Алаган
колуң мант болот
Катынды мээнет
чырмаса,
Каяша
кылат эрине.
Кедейди
мээнет чырмаса,
Үрөнү
жетпейт жерине.
Жакшыны
мээнет чырмаса,
Коңшусу
менен кас болот.
Баланы
мээнет чырмаса,
Сары
карт түшүп таз болот
Ак бөкөн келип
жыгылат
Алдын
казып ордосо.
Ак
туйгун келип чалынат
Саятчы
алдын торгосо.
Ийри
жыгач түз болот
Теске
салып оңдосо.
Душманына
кор болот
Жигиттер
өз тууганын оордосо.
Өзөнгө
өскөн тыт болот,
Жаман
тууган кырс болот.
Каарына
алганда
Ак
жайдын күнү жут болот!
Ашыкча доор
келгенде
Аргымак
минип таптайсың.
Алтынды
үйгө чаптайчың,
Алышкан
жоону таптайсың.
Ашыкча
доор кеткенде
Айланып
издеп таппайсың.
Күлүстөн
доор кеткенде
Күлүктү
минип таптайсың.
Күмүштү
үйгө чаптайсың,
Күрөшкөн
жоону каптайсың,
Күлүстөн
доор кеткенде
Күн
сайын издеп таппайсың
Ашыкча доор
келгенде
Аргымак
минип дуулайсың
Айгай
салган чуудайсың
Ашыкчадоор
кеткенде
Акпай
калган суудайсың!
Ашыкча
доор келгенде
Ашуусу
бийик белдейсиң.
Агыны
кату селдейсиң.
Ашыкча
доор кеткенде
Аңгырап
калган жердейсиң…
Күлүстөн доор
келгенде
Күн
нуру тийген белдейсиң.
Күкүктөп
аккан селдейсиң!
Күлүстөн
доор кеткенде
Көрүстөн
болгон жердейсиң…
Ашыкча доор келгенде
Атылга
жоого мылтыксың,
Алтындан
мунар чырпыксың.
Ашыкча
доор кеткенде
Ажалдуу
болгон чымчыксың…
Күлүстөн доор келгенде
Көгөргөн
чалкар көлдөйсүң,
Кийиги
көп төрдөйсүң!
Күлүстөн
доор кеткенде
Көмүлгөн
кара көрдөйсүң…
Ашыкча доор келгенде
Агарып
аткан таңдайсың,
Аякка
куйган балдайсың!
Ашыкча
доор кеткенде
Алынан
кеткен чалдайсың
Күлүстөн доор келгенде
Намыстуу
жигит карманар.
Намысы
жок бир жаман
Какшаган
менен кур калар!..
|