Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Пятница, 19.04.2024, 21:28   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Ыр, санат, терме

Үлгү ырлар

Үлгү ырлар

Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу)

Дайранын көркү - кемеде,
Баланын көркү - энеде.
Акыл айтсаң тыңшабай,
Акмактын көркү - жемеде.
Бычактын көркү - кынында,
Жылкынын сыны - кулунда.
Азамат болсоң, эр жигит,
Ардактуу иштен корунба

Сакалдын көркү чалда бар,
Сулуунун көркү калда бар.
Суктанып жүрбөй ар кимге
Сүйгөнүңдү тандап ал

Түн менен жойлой басканда,
Түлкүлөр түшөт капканга.
Түн экен деп, эр жигит,
Максатыңдан жазганба

Жаман адам белгиси -
Өз камы үчүн жүгүрөт.
Жакшы адам белгиси -
Эл камы үчүн күйүнөт

Ынтымак болсо калкыңда,
Душманыңдан тартынба.
Айбаты бар жигиттин
Атагы калат артында.
Күжүрмөн эрдин күчү өтөт
Күмүш менен алтынга.
Күчүң барда, эр жигит,
Күмүш өңдүү жалтылда

Эшендин көөнү - зикирде,
Уруунун көөнү - пикирде.
Орозодо молдолор
Опулдашат битирге

Сопунун көөнү - азанда,
Соргоктун көөнү - казанда.
Чын болсо да жан кечти
Чыдай берет касамга

Категория: Ыр, санат, терме | Добавил: elbilge (10.04.2010)
Просмотров: 2552 | Рейтинг: 4.7 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz