Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Среда, 24.04.2024, 17:14   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Ыр, санат, терме

Калыгулдун сөзү

Калыгулдун сөзү

(Орус келе электен канчалык мурун)

Калыгул Бай уулу (1785 - 1855)


Көгүчкөн учаар жем чыкса,
Көк тулпар чуркаар тер чыкса.
Көңүл тынаар көпчүлүк
Көзгө токтоор эр чыкса.
Көөрүктүн оту тутанбайт,
Күн жагынан жел чыкса.
Көч жүрө албай токтолот,
Көз учкан бийик бел чыкса

Аңдышпай койбойт абысын,
Ак шумкар карайт чабытын.
Аларман ууру көз салаар,
Адырмак тоонун жыбытын

Кара куш карайт кардына,
Кара жемсөө азамат
Кайрылбайт жакын - баарына.
Коңгуроо такса жарашат,
Койкойгон кара нарына.
Жортуулчу түшөт жолуна,
Кайраты бар эрендер
Карагай найза кармаган
Карыштырып колуна.
Кара жемсөө жигиттер
Канча бүлүк болсо да,
Кайрылбайт экен тобуна

Уй бул болоор,
Кул бий болоор.
Тоо токой болоор,
Талаа токой болоор.
Токол байбиче болоор.
Аяк Адам баш болоор,
Баш адамдар пас болоор,
Ушундай кызык иш болоор.
Тегиз жерден тегирмен чыгаар,
Тексиз жерден бий чыгаар.
Алка жака салынган кийим чыгаар,
Акча кагаз бул болуп, тыйын чыгаар.
Айылын жоодой аңдыган жыйын чыгаар.
Атасынан баласы кыйын чыгаар.
Этеги жок чапан чыгаар.
Эң кийинки баласы тапан чыгаар.
Эри менен тартышса
«Элде эркек көп» деген аял чыгаар

Категория: Ыр, санат, терме | Добавил: elbilge (06.04.2010)
Просмотров: 1960 | Рейтинг: 5.0 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz