Эски терме-санат ырлары Нишан Молдо (1846-1916)
Жашыңда оку
илимге,
Жакуттай
көзүң ачылат.
Ынтымак
болсо бир тууган,
Башкалар
кантип батынат.
Алганы
жаман чыкканда,
Азамат
жигит пас болот.
Амандашаар
тууганың
Алыска
кетип жат болот.
Көргөндүн
көркү көө болот.
Жаман
менен достошсоң,
Акыры
түбү доо болот
Башынан арбак
ургандын,
Аркасында
чуу болот.
Ынтымагың
бар болсо,
Душман
да сага эл болот
|