Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо Барпы Алыкул уулу Талаанын көркү кайда, гүл болбосо? Гүл ачып, кубат албайт, Күн болбосо. Акындар ырдай албайт, тил болбосо, Душманың жазганабы, сүр болбосо?
Тоолордун салмагы аз, таш болбосо, Узакка кабар жетпейт, кат болбосо. Жигиттин наамы чыкпайт, март болбосо. Ак бетте кызыл болбойт, нур болбосо. Сооданын иши жүрбөйт, пул болбосо. Чарбанын көркү кайда, кой болбосо Көздөгөн максатыңа жете албайсың, Колуңда бардык жарак бүт болбосо. Арыктын көркү болбойт, тал болбосо, Чарбанын көркү болбойт, мал болбосо. Сулуунун көркү болбойт, кал болбосо, Өрдөк, каз кайда конот, көл болбосо. Мөмүлүү дарак болбой, чөл болбосо Дайралар толкуп-ташпайт, сел болбосо, Аргымак ат арыбайт, бел болбосо. Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо, Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо
|