Айрым ыр саптары Молдо Кылыч Шамыркан
уулу Өзүнүн
чоң атасы Төрөгелди жана кыйыр тууганы Ормон жөнүндө айтканы:
Атымды айтсам ким билет?
Атамды
айтсам эл билет:
«Төрөгелди,
Ормон» деп,
«Төгөрөктү
соргон» деп…
Төрөгелди,
Ормондун
Жаман
эле жүргөнү.
Жакшы
болду кечикпей,
Бачымыраак
өлгөнү!
Кызын эркелетип
айтканы:
Шайырбүбү Шайыр
кыз,
Шаана
менен айыл кыз.
Шайырга
куда түшкөндө
Биз
ошондо байыйбыз!
Алты кыздан кийин көргөн Тобокел аттуу уулун
эркелетип айтканы:
Тобокелди сүйөлү
Бешигине
баш катып.
Алты
кыздын ичинде
Айланайын
аш катык!
Өзү жана өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө
айткандары:
Молдо Кылыч - мен атым,
Болжолу
жок санатым.
Чала
чыккан башынан
Чаар
китептен сабатым.
Жүрө-жүрө
арбыды
Казал
жазган кагазым
Болот калем колумда
Ок
жыландын тилиндей.
Ак
кагазым карала
Ителгинин
жүнүндөй!
|