Зилзала Ысак Шайбек
уулу (1880 - 1957)
Динди жакшы кармабай,
Болуп кетти мейлибиз.
Манаптын болгон акылы,
Бечараны жечибиз
Коркконунан калайык,
Бир кудайга сыйынды.
Коёор бекен бий-болуш
Салык салган жыйынды
Көп жашаган кары
айтат:
Көрбөдүк мындай кыйынды.
Коёор бекен манаптар
Күндө алган тыйынды
Ажалы жок адамдар
Кутулуп кетти кашаадан.
Ошончолук бүлүккө
Болгон жок жардам башаадан
Билбей айтып шарият,
Молдолор болдубу?
Каарланып кара жер,
Канчабызды сордубу?
Букараны манап жеп,
Бу нейлинен тарттыбы?
Каарланып кара жер
Же өз киндигин
кактыбы?
Намаз окуп
күнүгө,
Мойнуна теспе
тактыбы?
Залим болуп
жакшылар,
Көрүп калдык запкыны
Бийлер жактан
кеттиби?
Бизге каары жеттиби?
Мунун үчүн кара жер
Өз киндигин чектиби?
Молдолор кесир
кылдыбы?
Билинбей туруп кара
жер,
Баарыбызды кырдыбы?
Журтка салык
салышып,
Зордук кылып алышып,
Бербей койгон
кедейдин
Сотко башын
малышкан,
Бий-болуштан
кеттиби?
Ушинтип жүрүп
кудайдын,
Бизге каары жеттиби?
Айткан сөзүм
жарандар
Кулагыңа эптүүбү?
Сопулар тартып
теспени,
Баксын жут деп
кесмени.
Каарланып кара жер,
Баарын напсин
кескени
Көргөзүп турат
зилзала,
Калк дининен
безгенди.
Алы жеткен адамдар
Бечараны эзгенди
Акчаны малга
сүт кылып,
Сүткорлукту бүт
кылып,
Коюмду бат бергин
деп,
Жардыларга күч кылып
Байлардан болду
бу балаа,
Катуу болду зилзала
Элге чыгым көп
салат,
Акысы бардай чот
кагат.
Бербегенди сотко
алат.
Болушнай съезд топ
кылат.
Топтон коркуп
бечара,
Бербегенде не чара.
Куткарам деп,
бий-болуш
Бечарадан жейт бара
Бербесе жыгат
аттарын,
Жашы тургай,
карттарын.
Эгин сатып берем
деп,
Жаматат жыртык
каптарын
Жыйнап алып
жакшысы,
Жардылары какшыды.
Катуу болду зилзала,
Бу пейлинен
тарттыбы?
Жакшылар өлсө
талашат,
Жана кайтып карашат.
Кедейлерин алдап
жеп,
Бир-бирине карашат
Карабайт байлар
карыпка,
Эгини түштү арыка.
Зилзала бизге
көбөйдү
Маалим кылдым
калыкка
Кеңешет манап
«жесек» деп,
«Келди буга кезек»
деп.
Акысы бар немедей,
Санап алат эсептеп
Бий-болушу
чогулуп,
Түтүнгө бөлөт
сорунуп.
Жарды-жалчы
кедейлер,
Туруп берет корунуп
Бербесе кылат
набакты,
Көрсөтөт чуңкур
кабакты,
Манаптары күндө
жейт,
Жардылары кантип жан
бакты
Акысын жеди
карыптын,
Үстүндөгү болушу,
«Кой деген жок»
аларды,
Карап турган орусу
Падышабыз зор
болду,
Жердин баарын
торгоду.
Адилинен тайдыбы,
Мурункудай болбоду
Жердин баарын
ченеди,
Ченеп алып келеди,
Мурункудай падыша
Жерди кенен бербеди
Манаптар салып,
акча алат,
Жума сайын кол
салат.
Берген сайын бечара
Каргап-шилеп,
какшанат
Элден жеди
жакшысы,
Түз жүрбөдү таксыры.
Анын үчүн бериште
Жер киндигин
кактыбы?
Калкты жеди
манабы,
Акысы бардай санады.
Жарды-жалчы кедейге,
Күн көрсөтпөй камады
Туура жүрбөй
молдосу,
Элге чыккан кожосу.
Кожо, молдо,
манаптын
Кедейлер эле олжосу
Адил болбойт
бийлери,
Жардыны жаман
ийледи.
Дайым бийдин
кедейге,
Эч пайдасы тийбеди
Салыктардан
кедейлер
Бүтүн көйнөк
кийбеди.
Байлардан айран
ичкендер,
Сава, чанач ийледи
Болуш менен
ыстарчын
Күндө салат көп
чыгым.
Жардылар байкуш
билген жок
Кутулардын эч алын
|