Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Вторник, 23.04.2024, 16:01   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Ак-Бак Заман

Жылбаян (Өткөн жылдын көйгөйү)
Жылбаян
(Өткөн жылдын көйгөйү)  

Акча көзүн караган
Паракордук жыл тура...
Дүкөн тоноп-талаган
Мародёрдук жыл тура...  

Мыйзамсыз жер ээлеген
Баскынчылык жыл тура...
Аскер элди мээлеген
Чыккынчылык жыл тура...  

Элге батпай президент
Четке качкан жыл тура...
Төргө отурар кезинде
Бетке чапкан жыл тура...  

Борборунда митингдер
Мода болгон жыл тура...
Алып-сатар битирлер
Соода кылган жыл тура...  

Эл акыры чыдабай
Бийликтин кордугуна,
Баш көтөргөн жыл тура...
Мектебине түз барбай,
Балдар китеп ордуна
Таш көтөргөн жыл тура...  

Жардылыктан кыйналып,
Төбөлдөрдү "Кетсин!” деп,
Эл ойноткон жыл тура...
Кыйындыкта жыйналып,
Апрелдин жетисинде
Эл ойготкон жыл тура...  

Келгин элди тыям деп,
Өз ордуна коём деп,
Ош кыйраган жыл тура...
Келгин элге берип жооп,
Шаар ичинде күйүп от,
Ош ыйлаган жыл тура...  

Парламентке жырткычтар
Конуп алган жыл тура...
Элди-жерди саткычтар
Толуп алган жыл тура...  

Ушу менен токтолсун
Көйгөйлөрү жеримдин.
Көздөн жашы жок болсун,
Кагылайын, элимдин.  

Кетсин баардык жамандык
Өтүп кеткен жыл менен.
Элде болсун амандык,
Асман ачык, жол кенен.  

Категория: Ак-Бак Заман | Добавил: elbilge (09.02.2011)
Просмотров: 977 | Рейтинг: 4.8 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz