Жаңы доордун "Замана”
Калың кыргыз бөлүнүп,
Ыркы кеткен замана...
Эне тил жат көрүнүп,
Баркы кеткен замана...
Туура эмес деп, туурасын
Артка тарткан замана...
Ата-баба мурасын
Талкалаткан замана...
Акылдуунун баласы
Акмак болгон замана...
Саманчынын талаасы
Баткак болгон замана...
Каракчынын колдорду
Таш ыргыткан замана...
Талап-тоноп борборду,
Чаң ызгыткан замана...
Кайырчылар нан сурап,
Дилди бузган замана...
Тантык тилчи тантырап,
Тилди бузган замана...
Куру намыс этектеп,
Дардаңдаткан замана...
Ары чуркап сом издеп,
Бери чуркап тон издеп,
Талтаңдаткан замана...
Бийлик эңсеп дөдөйлөр
Жанын берген замана...
Аргасыздан кедейлер
Чет өлкөлүк жараанга
Тамын берген замана...
Саясатчы алданып,
Жерди саткан замана...
Чет өлкөгө жалданып,
Элди саткан замана...
Үйгө ырыс толтурар
Мейман качкан замана...
Дене сатып сойкулар,
Ыйман чачкан замана...
Эрсиз бала төрөшүп,
Аны уят көрүшүп,
Жаңы туулган убакта,
Таштап салып ыраакка,
Басып жүргөн жайма-жай
Мерестерди жер албай,
Жан сыздаткан замана....
Бийликтеги айбандар,
Акыл-эстен тайгандар,
Эл таламын ойлобой,
Мээси аккан койлордой,
Бири менен тытышып,
Бири-бирин атышып,
Кан муздаткан замана...
Алга жылып кете албай,
Максатына жете албай,
Ташыркаган замана...
Муну көрүп жакындан
Күбө болгон акындын
Жашы тамган замана...
|
Категория: Ак-Бак Заман | Добавил: elbilge (31.01.2011)
|
Просмотров: 1409
| Рейтинг: 5.0 |
|