Жүргөнүм кабак жер болду Токтогул Сатылган уулу | Кедейге ырыс болбоду, Кесирлүү кызыр конбоду. Келе турган бакты жок, Казанбак бизди кордоду. Карабады жашыма, Капалык түшөт башыма. Кабагын бүркөп ачпады, Кызганып бышкан ашына. Казанбактын бейли тар, Өкүнүп кылам кимге зар? Токтогул тоодо жүрөбү? Томсорбой, ойноп күлөбү? Тотудай жаштын кадырын, Тозоктуу кудай билеби? Эш-Сай менен Абыла, Жашымда болдум дабылда. Ким күнөөкөр, кимдер ак, Кудай келер бекен агына. Таманым ташка тилинди, Тарлык заман билинди. Денеңден кетсе ысык жан, Өлгөндөр кайдан тирилди. Бутумда чокой чаначтан, Кимдерге кимдер карашкан? Түңүлдүм түндө байымдан, Казандан жарма талашкан | |
|
Категория: Ак-Бак Заман | Добавил: elbilge (24.03.2010)
|
Просмотров: 1484
| Рейтинг: 0.0 |
|