Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Четверг, 25.04.2024, 04:30   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Ак-Бак Заман

Замана

Замана

Жеңижок (Өтө) Көкө уулу (1860 - 1918)

Ажыдаар жыландай
Арбап барат замана.
Бары-жокту жутунуп
Жалмап барат замана.
Жалаңгычты колуна
Кармап барат замана.
Бурганактап, бороондоп,
Кармап барат замана  

Адырдан качкан бөкөндөй
Чуркап барат замана.
Адал менен арамды
Ылгап барат замана.
Жакшы менен жаманды
Сынап барат замана  

Ак боз аттай алчаңдап
Жүрүп барат замана.
Азреил шайтан көбөйүп
Минип барат замана.
Аярдантып токтотпой
Кууп барат замана.
Жылдан жылга бузулуп
Сууп барат замана  

Таап, зекет бербеген,
Ичип убай көрбөгөн,
Кайыры жок байлардын
Тапкан малы бекерге,
Кетип барат замана.
Жоголор күнү байлардын
Жетип барат замана  

Үч жылда бир шайланган
Ак пашаанын амалын
Чектеп барат, замана.
Бий, болуштар, ыстарчын
Бечара менен карыпты
Жектеп барат замана!..
Чарык кийген кедейлер
Чоң келтегин көтөрүп
Кектеп барат замана!..  

Калың элди тынчтыкка
Койбой барат замана.
Кутурган ит сыяктуу
Жойлой барат замана.
Канга тойбос жыландай
Сойлой барат замана.
Бийлиги бар манапка
Кул сураттың, замана.
Колунда жок кедейге
Пул сураттың, замана.
Карышкырды койлорго
Ыркыраттың замана.
Туш тарапка бөлүнтүп
Дыркыраттың замана.
Алдууларга алсызды,
Чыркыраттың, замана  

Бирөөгө кең, бирөөгө
Тар экенсиң, замана.
Бирөөгө жок, бирөөгө
Бар экенсиң, замана.
Бирөөгө бак, бирөөгө
Зар экенсиң, замана  

Бирин кордоп, бирөбүн
Мактап келдиң, замана.
Бирин атып, бирөбүн
Сактап келдиң, замана.
Бирин суук-ысыкка
Кактап келдиң, замана  

Атанын уулун ачкадан
Карыштырдың, замана.
Ар жерге айтып жүрүгөө
Намыс кылдым, замана  

Куу турмуштун азабы
Артып барат, замана.
Адамзат көп түйшүк
Тартып барат, замана  

Жылкы тийип, эр өлүп,
Кун сураттың, замана.
Бар малыңды алдырып,
Жокчулукка маң кылып
Тунжураттың, замана.
Ачылбаган караңгы
Түндөй болдуң, замана.
Айыкпаган сары оору
Зилдей болдуң, замана.
Алты пулдай сатылган
Күңдөй болдуң, замана.
Капкара болгон кокочо
Кирдей болдуң, замана.
Кыш мезгили күн кыска,
Ичиме толду капалык
Ыраазы болбой турмушка
Замананы ойлонуп,
Зарыгамын толгонуп.
Аз-жалганчы дүйнөдө
Өтөбүзбү кор болуп?..
Замана наадан караңгы,
Баалай албайт адамды…

Категория: Ак-Бак Заман | Добавил: elbilge (22.06.2010)
Просмотров: 1604 | Рейтинг: 0.0 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz