Нурмолдого ырдаганы Эшмамбет Байсеит уулу Мечиттен чыккан Нурмолдо Шарият айтат күнүгө. Нашаа чеккен жиндиге Кошулуп алып Нурмолдо Жоро ичет түнүндө. Өлүп, көрүп келгенсип, Бейиш менен тозокту Түшүндүрөт эллине. Ырчы деген ыр ырдайт, Нашаа чегип, мас болуп, Шариятты ким айтат? Ичкиликте молдо көп, Эли үчүн пайда жок
|