Манаптарга кордоп ырдаганы Эшмамбет Байсеит уулу Ичи тар манап асылган, Жалгандан ушак жазылган. Токтогулду айдатып, Манаптар көөнү басылган. Эшмамбет менен Токтогул Кедейлерди жактаган. Ошол үчүн манаптар Эшмамбет менен Токомду Жоготууга сактаган.
Топко ырдатпайт манаптар, Топтон айдап чыгарды. Толкуп турган Эшмамбет Торгойдой болуп сайраса, Токтотпой башың жулам деп, Топтон кууп чыгарды. Кезеги келсе манапты Келтектесе кол сүйөт, Эчтекеге түшүнбөй, Мен манапмын деп жүрөт. Көрөсүң манап көрөсүң, Бир күнү колго түшөсүң
|