Эселбай Токтогул Сатылган уулу Сен, Эселбай, Эселбай, Өмүрүң өттү бекерге ай! Ээлик кылып келгенбиз, Эрке кыз көөнүн кече албай. Калың берип, кыз алып, Кадырына жете албай, Байлыгыңа - байпагым, Шерменде болдуң кетерде ай!
Отурасың араңдан Буттарыңды жыялбай. Кедейдин жаш баласын Кантип алдың уялбай? Атасынын малы жок, Биздин кыздын - Апасынын багы жок. Көр турмушу болбосо, Анын койнуңа жатар чагы жок. Санап-санап, мал берип, Сатып алдың, Эселбай. Сары алтындай сулууну Абийириңден ажырап, Кантип алдың, Эселбай?
|