Дыйкандын аялынын кошогу Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу) Дыйканымды өлтүрдү, Баласы мендей какшасын, Башыма жабыр келтирди. Эч кылмышы жок эле, Дыйканымды күнөөлөп, Жайлаптыр датка өлтүрүп, Жалпы журтка күбөлөп. Багымды датка байлады, Мээнетим бекер сайлады. Карабет жесир калган соң, Капасын айтып сайрады. Тикирейип көп ыйлап, Тилин Тишке кайрады. Асылым дыйкан арстаным, Талыкпай ташка басканым. Кара жолтой какшаалга, Жок эле менин жазганым. Арманын айтып, ар качан Алганы дартын козгосун. Казы-мупту жолумдан Каршы чыгып тозбосун. Какшаал казы залимдин Кара кийип катыны, Тукуму тарап, тоз болсун! Уугу сынып кыйрасын, Уулу мендей ыйласын. Керегеси кыйрасын, Келини мендей ыйласын. Түндүгү сынып, кыйрасын, Тууганы мендей ыйласын
|