Чындык Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу) Байымбеттин казалы, Байыт кылып жазалы. Жегичтерге убал жок, Тенгеге ооду назары. Чыгым алды чыңыртып, Бай-болуштун тажаалы. Зулумдар бизге бек болду, Эл ичинде көп болду. Жесир, жетим дебестен, Баса калып жеп койду. Карыз деп алса болуштар, «Ана, мына» деп койду. Сөз чыгарбайт кедейден, Старчындар дерейген. Болбос ишке асылган, Болушу бар килейген. Рамат деп саттырып, Жалгыз уюн баш кылып, Жеп алгандар көбөйдү, Тамагына аш кылып. Бузуктун уулу чоң болду, Букара журту кор болду. Жайы-кышы жабыркап, Малай байкуш шордолду. Бул заманда не карып? Ак матадан бөз карып, Адилетсиз бийлердин, Алдына келген сөз карып. Сөзү үжөт болбогон, Учан теңиз эл карып, Букарадан кайраттуу, Сөзү өтпөгөн эр карып, Кызыл-Таздан таяк жеп, Кыйноо тартып мен карып
|