Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Пятница, 26.04.2024, 17:44   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Ак-Бак Заман

Беш каман

Беш каман

Токтогул Сатылган уулу


Акмат, Дыйкан - алдамчы,
Атакан, Миңбай - жалганчы.
Эгемберди, Бактияр -
Эл жегенге жардамчы.

Чыгым салып эл жедиң,
Чыркыратып жардыны,
Жалгыз атын сен жедиң.
Жакын көрдүң байларды,
Жам букара бирикти,
Таба албассың айлаңды.

Жетим, жесир, алсызга
Карабадың, беш каман,
Жетилсин деп жардыны
Санабадың, беш каман.
Жеп ичкенден башканы
Каалабадың, беш каман.
Он асыйга бир жыктың,
Орозаалы карыны,
Бүтүн элдин акысы -
Өмүрүңдүн жарымы.

Көрө албайсың жардынын
Жакшы ат таап мингенин.
Акмат, Дыйкан, Атакан,
Керкоолугуң бул сенин.

Талап алып тентиттиң,
Боромбайдын Сарысын.
Күндө жейсиң айыптап,
Бүтүн журттун баарысын.

Тырмагың уу бүркүттөй,
Тукумуң кантип жарысын?
Өчөшсөң, Миңбай, Атакан,
Мени да жыгып алаарсың,
Тогуз айып салаарсың.
Адатыңды карматсаң,
Үй оокатым талаарсың.
Канкорлугуң кармаса,
Өлтүрүп каным жалаарсың.
Уу тырмактуу беш канкор,
Өлтүрсөң да жалынбайм.
Эки келбейм жаралып,
Өлгөн соң, кайра табылбайм

Категория: Ак-Бак Заман | Добавил: elbilge (20.03.2010)
Просмотров: 8638 | Рейтинг: 3.8 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz