Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Среда, 24.04.2024, 06:15   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Ак-Бак Заман

Азган эл

Азган эл

Ысак Шайбек уулу (1880 - 1957)

Ат койдум бул ырыма «Азган эл» деп,
Икая куруяттан сүйлөйүн кеп.
Жазайын Николайдын залимдигин,
Сөзүмдү уккан адам кылабы эп  

Караган Николайга биздин калык,
Ар жылда берип турган алык салык.
Козгоюн Николайдын аңгемесин,
Жаранлар угуп турсаң, бары да анык  

Багынган урушпастан мурункулар,
Найза алып, кылыч салып куушпастан.
Артында уруш, жаңжал болгондон соң,
Зордугун эзилген калк өзү көргөн  

Миң үйгө бир манапты болуш кылган,
Бай, манап жакшы жерден конуш кылган.
Көңүлүнө жакан жерди бекитишип,
Кедейди келтирбестен коруш кылган  

Айлына байдын уулун бий шайлаган,
Жесир, доо, чатак болсо, ол жайлаган.
Бир кедей чыгым таппай кечиктирсе,
Мойнуна абак кесип, сотко айдаган  

Шайлаган жүз койлуудан ыстарчын деп,
Түшкөндө казына акча кыстарсын деп.
Бир кедей салык акча таппай калса,
Буйругун ыстарчындын кылчу эле эп  

Эбин тапкан ыстарчын боло калса,
Жүрчү эле бир жүз койдон умтулуп жеп.
Адашкан элден жерден мен бечара,
Кайгырып бул жөнүндө сүйлөдүм кеп  

Элүүсү бир болуштун мөөрүн басса,
Тирүүлөй бир кишинин соту сойгон.
Сураган бул тартипте элүү үч жыл,
Баарынан өтүп кетти кан төккөн жыл  

Жазайын куруятты билгенимче,
Жамакал кулак салып, кубаныч кыл.
Бай, манап жерин, суусун баарын алды,
Канча теше жерлерге дубал салды  

Жер алганы аз келип бай, манаптар,
Жардынын бир-бир күткөн малын алды.
Ар түрдүү эбин таап алуучу эле,
Кедейдин маңдайына бүткөн малды  

Бай-манап мындай зордук кылгандан соң,
Туюнган кедей байкуш бул амалды.
Николай кедейлерден малай бер деп,
Кара калк амал таппай, көп камалды  

Он тогуздан отуз бирди алам деди,
Жаш балдар шол себептен бүлүк салды.
Солдаты көп Николай бардаңке мен
Аткылап кетирди го биздин алды  

Койбостон кызматына алмак болду,
Алып барып, казууга салмак болду.
Барчулар биз сыяктуу байкуш кедей,
Бай балдары үйүндө калмак болду  

Алган мен аскер кылып ойнотсочу,
Уктап жаткан калк элек ойготсочу.
Ишенип, колубузга жабдык берип,
Кароолун бардаңкенин болжотсочу  

Чыдабай булл зордукка каршы бастык,
Айры, чокмор, найзачан согуш ачтык.
Жазалоо отряды кол салганда,
Чыдабай Кытай жакка кире качтык  

Эң мурун жолго түшүп төө көч качты,
Артынан жан талашып жөө көч качты.
Каары Николайдын кандай катуу,
Калайык жыйган мүлктүн баарын чачты  

Биз аштык андан көчүп Жалак-Белди,
Жазуучу нечен көчтү санап келди.
Кантебиз качпаганда кайран калк,
Аскери Николайдын камап келди  

Буйругу залим падыша кандай катуу,
Биздерди өлтүрүүгө самап келди.
Андан көчүп биз келдик Кара-Сазга,
Бай чиркин караган жок малы азга  

Каарын Николайдын ойлоп турсам,
Боюма ичкен ашым тарамайды.
Жаранлар угуп турсаң бары да анык,
Бул сөзгө жалган кошсок жарамайды  

Бир күндүк оокаты жок кедей байкуш,
Табылбай куруп турат эч амалы.
Зарлашы калайыктын кабыл болуп,
Келеби куруяттын кең заманы  

Ошолор унут болоор бир ак күндө,
Эгерде келе калса тең заманы.
Көнбөгөн аялдардын мурун басып,
Жооруду эки күндө, бут таманы  

Далай мал шол Беделде тирүү калды,
Таштадык жалдыратып кайран малды.
Атыбыз бир-бир минген белде калып,
Айдалдык жолго салып карып жанды  

Чайкалды зилзаладай кайран калык,
Беделди эңкейгенде кийди чарык.
Билбедим ар жагына канча кондук,
Күн-түндөп зорго жеттик Кулан-Сарык  

Үч түлүк мал бары өлүп, төө чыдады,
Таяк алса колуна, жөө чыдады.
Ашуу ашып, ар жакка өтөөр кезде,
Өткөзбөй кытай кароол кычылады  

Олтурдук үч, төрт күнү Кулан-Сарык,
Тарады бет-бетинен кайран калык.
Бай кетти мал-жайына, жарды калдык,
Бай, жарды бир-бирине карамадык.
Тоз болду тополоңу кайраан элдин,
Андан соң күрөшүүгө жарамадык  

Күмүшүн Кытай шаар «жаачан» дейди,
Көзөнөк мен домборун «даачан» дейди.
Күмүшүн жарым сээрдик бүтүн сээр деп,
Шумдары качкандарды алдап жеди.
Билген соң алдатканын зарлап-зарлап,
Жеткирсин жазаңызды кудай деди  

Бир биз эмес, козголду эки дубан,
Атбашы, Кочкор, Жумгал, Ажы сыбан,
Кысканы Николайдын өттү го деп,
Баарысы куруятка белин бууган  

Бар эле суусу сайын тал, карагай,
Айрылып калайыктын зарлаганы ай,
Күн-түнү эстеринен жери кетпей,
Үшкүрүп, Николайды каргаганы ай  

Көрөбү биздин калк Чүй талаасын?
Сүйүктүү Токмок, Пишпек, чоң калаасын?
Каары Николайдын катуу болуп,
Качырды кайран элдин көп баласын  

Салган там, беде менен багы калды,
Ушулар унут болоор, теңдик болсо!
Кетпеген Николайдын тагы калды  

Жана айтаар Үч-Өрүктү, Үч-Байсоорун,
Алты суу, өз эллине берген орун.
Каары Николайдын катуу жүрүп,
Качып келип жерибиздин тарттык корун  

Бар эле Чолпон-Ата, Долоноту,
Жай эле жайдан кышка малга оттуу.
Талпынып жерибизге барып калсак,
Никеңдин болбос бекен бизге соту?  

Тор-Айгыр, өйүз-бүйүз, Дөрө, Көл-Төр,
Жай эле жайдын күнү малга төр-төр.
Ажалдан кутулууга качып келдик,
Калайык өз жериңди сыймыктуу көр

Категория: Ак-Бак Заман | Добавил: elbilge (26.06.2010)
Просмотров: 1462 | Рейтинг: 5.0 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz