Айганган тоонун бүркүтү
Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу)
Күн тийбес тамда жатамын, Күч кетип, эс ооп, алсырап. Алдымдан нымдуу сыз өтөт, Айласыз жатам жалдырап. Козголоор менде дарман жок, Кол, бутта кишен шалдырап. Тим жатсам деле сабашат, Тил билбей солдат балдырап. Арачалаар адам жок, Аябай эстен тандырат. Айланган тоонун бүркүтү Ак жерден торго чалындым. Комузду күүгө келтирген Колума кишен салындым. Ойлонуп түшкө кирбеген Көркоолорго багындым. «Айланайын тийбе» - деп Айласыздан жалындым. Кысталгандан өлсөм дейм, Кымбатын кыйбайм жанымдан
Зардантып койгон күнөөсүз Заманага таарындым!
|