Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Среда, 24.04.2024, 03:26   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Ак-Бак Заман

Ээзүүчү төбөлдөр жөнүндө

Ээзүүчү төбөлдөр жөнүндө

Калык Акый уулу


Жарды-жалчы элдерди
Жаткырышпай кор кылат.
Боордошушуп бай-манап
Болуштарды кондурат.
Бозосун ичкен кедейди
Боздотуп уруп, кор кылат.
Сулайманкул, Осмонбек,
Багыштан Ороз даткаңар.
Уу тырмактар элди эзип,
Жеп-ичкенге мактанаар.
Өзүнүн кылган ишинен
Өрт жалынга капталаар.
Күнөөсүз элди айыптап,
Күнүмдүккө жеп ичет.
Күйөрүн жыга чапкансып,
Күч көргөзүп келишет.
Эл толкуса бир кезде,
Эсебин кайта беришет.
Көптү ойноп жеп болуш, бий
Көркоо болуп баратат.
Каяша айткан дыйканды
Кан жөткүрүп сабатат.
Кээ бирөөнүн оокатын
Кеги бардай талатат.
Кейибей окат кылалы,
Кезеги келсе таң атат.
Кочкор, Жумгал, Ат-Башы,
Нарында кедей силердей.
Ош, Жалал-Абад, Ташкендин
Шаарында кедей силердей.
Күнгөй, тескей, Ысык-Көл
Жагында кедей силердей.
Бийлик күчү манапта,
Алар күтүп алган жибербей.
Кыргызда Шабдан, Курманжан
Даткалары сабакташ.
Казы-мупту, бий-болуш,
Мунун бары танапташ.
Байгазы, Иса, Керимбай
Башынан көнгөн ичи тар.
Булардан кордук көа көрүп,
Буулугуп жүргөн киши бар.
Казы-мупту, бий-болуш
Кадырлашкан сак болот.
Бириндебей, бирлешсек,
Бизге да таалай бак конот,
Бозобу, ашпы, башкабы
Буюрганын ичелик.
Бүтүн дыйкан баласы
Бириккенин күтөлүк.
Колунда жок болгон соң,
Кулак салбайт арзыңа.
Жардамы болбойт карзыңа.
Кошомат айтып, кор болуп,
Кожолорду арзыба.
Эшен сопу, калпаны
Эсиң болсо, эл дебе.
Жолуларча тарп издейт,
Жолуңдан чыкса кел дебе.
Кошулбайт нээти, тилеги,
Колунда жок пендеге,
Бирөөнү бирөө кыябы?
Белгилүү элге быягы.
Пейлин бузган залимдин,
Түбү өзүнө тиет зыяны.
Адамдын акын жебеген,
Өз оокатын тейлеген.
Жалган айтып бирөөгө
Жамандык кылсам дебеген,
Бардык дыйкан балдары,
Силер менен биз жакшы.
Адамдын акы курусун
Адилеттүү иш жакшы

Адырга малы толсо да
Айраны көлдөй болсо да
Сүткордо болбойт береке

Кара ниет адамдын
Кадыры болбойт элинде.
Канчалык чечен болсо да,
Касиет жок кебинде.
Пейлиңди бузуп эр жигит,
Бекерликке берилбе.
Жалкоолонуп жашыңдан,
Жатып ичээр дедирбе

Белсене кызып иштесең,
Береке жердин боорунда.
Күнүмдүккө кыныкпа,
Күч-кубат барда колуңда

Аскалуу зоонун боорунда
Ак шумкар куштун түнөөсү.
Көпкө тиет бузуктун
Көнгөн адет мүнөзү.
Бербей койсоң, эч сүйбөйт,
Пейли бузук эшендин.
Пайдасы элге тийбесе,
Баркы неге чечендин.
Унутулбайт мүнөзү,
Убадага бекемдин

Категория: Ак-Бак Заман | Добавил: elbilge (24.03.2010)
Просмотров: 1206 | Рейтинг: 0.0 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz