Бул
киши бүгүнкү Кыргыз коомунун ар-намыс, мораль жагынан төмөндөгөнүн
абдан жакшы мисал болуп берет деп ишенемин.Космостон аян-кут келсе,
байкеси аны сатып эмне? Жер энебиздин же Космостун (Теңир деп оку)
кутун сатуу, кыргызда абдан эле чоң проблемага айланып кетти.
Кыргызстанда мазардын көбү азыр приватташтырылып кетип, ал жакта отурган
шайыктар, мурда бекер эле болгон Жер-энебиздин кутун-касиетин
сатып жатат. Мазар, касиеттүү жерге барам деп ойлосоң, бети-жүзү жок
шайыктар отурат жүздөгөң, каражат таап бир тыйын болсо да мүрзөдөн.
Абдылдаев мырзага окшогон кишилер ушинтип кыргыз элибиздин, жерибиздин
кутун сатып, тоноп алган.Кут деген нерсени сатабыз деген киши кантип
кыргыз болсун, кантип адам болсун? "Абдылдаевдей болбо - Жердин,
Көк-Теңирдин кутун сатпа" деген сөз пайда болуш керек кыргыз коомчулукта http://www.azattyk.org/media/video/24436081.html