Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Суббота, 20.04.2024, 15:43   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Этнология » Kyrgyz Pattern :: Киргизский узор

СТРУКТУРА И КОМБИНАЦИИ ПОВЕСТВОВАТЕЛЬНЫХ УЗОРОВ

БАЯНДАМАЛУУ ОЮУНУН АЙКАЛЫШТАРЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ
СТРУКТУРА И КОМБИНАЦИИ ПОВЕСТВОВАТЕЛЬНЫХ УЗОРОВ

Чөбү буралып мол өскөн бийик тоолуу жайлоодо байдын малы багылат. Мындагы кээ бир койчулар өрөөнгө түшүп буурсун менен жер тилип, эгинин сээп бүтүрүп коюшкан эле. Алар турган боз үйдүн чала тартылган түндүгүндөн жаңырган айдын шооласы жымыңдайт.
Ушул малда койчулар мыкты такаланган аттарын токуп миништи да, кыя жолдогу бирин-серин бадалга далдаланып жогору бастырышты. Булар жете келген коңшу айылда да кыйынчылык турмуштан жапа чегишкен кедей-койчулар турушчу. Аттарынан түшүшүп, кургак бытактардан алоолонто от жагышты. Беркилерге ай балталарын камдоого жардам беришти.
Качан түн кирип, айлананы коюу караңгылык каптаганда кедей койчулар колдоруна ай балталарын алышып, чогуу кайра аттанышты. Бүгүн булар жайлоонун төрүндөгү ак өргөө тарапка бет алышмак. Улам аыялап бийиктеген майын беймарал жайылап жүргөн аркар-кулжа менен бугудан бөлөк эч жан көрүнбөйт. Айлана жымжырт мемирейт. Кедей койчулардын ак өргөөгө жете келишкен бутакта конгон каргалар да, бейкапар кепшен турган эчкилер да туюшкан жок.
Ак өргөөдө ыйык тумар бар болчу. Ал байлыгы менен дөөлөтүн, малы менен мүлкүн сактаган. Анын малы жайылган жайыттарды булактын суусун сактап турган тумарлары да болгон. Ак өргөөнүн ээси дайыма токчулук менен молчулук заманда өмүр сүрүп, кобыл чыгарылып жасалган кооз жаргак шымынын белине өзгөчө ыйык тумарды курчанып жүрчү. Умай эненин элесин сүрөттөгөн бул тумар аны жана анын балдарын суук көздөрдөн сактаган. Ал эми ак өргөөнүн төбөсүнө орнотулган аркардын мүйүзү анын байлыгынын белгиси болгон.
Ак өргөөнүн ары жагында самсаалап эскирген боз үйлөрдө байдан өз укуктарын талап кылган кедей койчулар камакта жатышкан. Буттарына кишен салынган койчуларга байдын дасторконунан калган калдыктарды берише турган. Камакта жаткан иттер менен кайтарып турушту.
Жакадагы өрөөндөн келишкен койчулар күзөтчүлөрдүн боз үйүн эч тоскоолдуксуз эле басып алышты. Байдын өргүп жаткан короо-короо кой-эчкисин айланып өтүштү да ак өргөөгө жакындашты.
Кечке жуук келишкен меймандар бул учурда той-тамашанын үстүндө эле. Сыртта меймандардын мыкты такаланган аттары байланып турат. Үй ээси меймандарга арнап уй жана көп кой сойду. Табакты кенен тартты. Эт жеп болгон соң, меймандар ооз комузда ойноп көңүл ачышты. Той-тамаша аяктаары менен ак өргөөнүн улагасына саймаланган кооз ат жабуу салынап, бармактарына оймок боосун байланган аялдар тегерете отурушту. Аларга кымыз сунулду. Күтүлбөгөн жерден ак өргөөгө жулунуп кирген кедей койчулар байды жазалап, кишиленген койчуларды боштондукка чыгарышты.

Жаңырган ай
Молодой месяц

Кереге көз
Решетчатые стены юрты

Тай туяк
Приспособление для передвижения по снегу, сделанное из копыт лошади

Койдун мүйзү
Рога барана

Жалбырак
Листок

Буурсун тиши
Соха

Аттын туягы
Копыто лошади

Аттын такасы
Подкова

Кыя жол
Извилистая дорога

Кедей койчунун боз үйү
Юрта бедного чабана

Кургак бутак
Сухая ветка

Алоо
Пламя

Ай балта
Бердыш

Беш манжа
Ладонь

Кулжанын башы
Голова взрослого горного барана

Бугунун мүйзү
Рога оленя

Ак өргөө
Большая белая юрта

Карга тырмак
Когти вороны

Текенин мүйзү
Рога горного козла

Тумар
Талисман-оберег

Булак
Родник

Гүл
Цветок

Бермет мончоктор
Жемчужные бусинки

Ит куйрук
Хвост собаки

Оймок боо
Наперсток

Көөкөр
Фляжка

Ат жабуу
Потник

Умай эне

Оймок боо
Наперсток

Көөкөр
Фляжка

Ат жабуу
Потник

Умай эне

Категория: Kyrgyz Pattern :: Киргизский узор | Добавил: begimai (02.05.2007) | Автор: Begimai
Просмотров: 2642 | Рейтинг: 5.0 |

Меню сайта
Категории каталога
Киргизы [17]
Kyrgyz Pattern :: Киргизский узор [22]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz