Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Четверг, 25.04.2024, 21:46   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Ыр, санат, терме

Насыят

Насыят

Жеңижок (Өтө) Көкө уулу (1860 - 1918)

Кулактууга кеп урсаң,
Кулагынын учунда.
Кулаксызга кеп урсаң,
Туягынын учунда.
Жарды жардай жүргөндө
Жашыл кийик маласы,
Жанга салган болоттой
Жакшы атанын баласы

Жоргонун белин жоорутпа,
Жамандык иште колдогон
Жолдоштун көөнүн оорутпа!

Аргымак белин жоорутпа,
Аманат назик жан деген,
Адамдын көөнүн оорутпа!

Мүлктү жыйсаң, мылтык жый,
Жоого алдырбайт талаадан.
Малды баксаң койду бак,
Колуң кетпес чарадан

Мылтыктан тез ажал жок,
Бармак басым жарасы.
Булбулдан чечен бир куш жок,
Кол башындай карасы

Шамалда жүргөн коо болот,
Жаман менен дос болсоң,
Акыры бир күн доо болот.
Жакшы менен дос болсоң,
Өлгүчөктү коштошот.
Жаман менен дос болсоң,
«Баягымды бергин» деп
Эки айдан кийин мушташат.
Атан төө мас болсо,
Тайлагы менен достошот.
Жаман киши мас болсо,
Жакыны менен касташат.
Аскар-аскар-аскар тоо
Аягы барып чап болот.
Атадан алтоо болсоң да,
Сыйлашпасаң жат болот

Жапан-жупан кар жааса,
Жаш куурай башын көтөрбөйт.
Жаман эрден мал тайса,
Жаздыктан башын көтөрбөйт

Жакшыга дөөлөт келгенде,
Бой көтөрбөй пас болот,
Кылган иши саз болот.
Жаманга дөөлөт келгенде,
Көтөрө албай мас болот,
Күнүгө жаңжал чыгарып,
Катыны менен касс болот,
Пайдалуу иши аз болот.
Ыргытсаң алыс таш кетет.
Пейли кеткен пенденин
Казанынан аш кетет.
Айдап жүргөн мал кетет,
Аманат жүргөн жан кетет.

Беремин деген бекилбейт,
Кылмышты абийир кечирбейт.
Бек байлаган чечилбейт,
Бакпай багың жетилбейт,
Эстүү адам эсирбейт.
Чечендиктин белгиси:
Кезектүү сөздү кетирбейт.
Жаманга оомат келгенде
Кекээр сүйлөп кесирлейт.
Бирөөнүн көрүп жакшы атың,
Көз артып салба назарың.
Жокчулук чиркин байлайт го
Адамдын бакты-базарын
Ойлобой кылсаң, тартасың
Туура эмес иштин азабын.
Карынын угуп кеңешин,
Акылың менен жашагын

Категория: Ыр, санат, терме | Добавил: elbilge (09.06.2010)
Просмотров: 2157 | Рейтинг: 5.0 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz