Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Понедельник, 24.04.2017, 02:44   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Тарых

Кыргызчылык кандайча жаман болуп калды?
Кыргызчылык кандайча жаман болуп калды?

Элери Битикчи

«Элет: 1. кочевое население;

2. род; племя; народ; родное племя, родной народ;



3. места, отдаленные от культурных центров; глушь»



(Киргизско-русский словарь Юдахина)


Алия Суранова Азаттыктагы блогунда жазылган "Кыргызчылык" деген жазмасында - "эмнегедир ушул уңгусу бүткүл улуттун атын ташыган сөз [кыргызчылык]" жалгыз гана негативдүү маанини камтыйт" деген ойлорду жүгүртөт. Бирок Алия үчүн бул суроо болбой, ырастоо болуп жатат. Алия "кыргызчылык" деп адамзаттын күнөөлөрдүн тизмесин түзгөнсүп жатат (биринчи, экинчи бөлүк деп), бирок эмнегедир "адам" же "коом"дук кемчиликтери болбой "кыргызчылык" болуп калыптыр?

Мен болсо эмнеге "кыргызчылык" (казакшылык, түркмөнчүлүк ж.б. - андайы да бар) деген сөз кыргыздардын (казак, түркмөн ж.б.) арасында терс мааниде колдонулуп калган? жана кандайча ушул акбал кыргыздын эсине жана тилине кирип, алар да ушуга көнүп калган деген суроолорго азыркы илимдин көз карашындан жооп берип көрөмүн. Азыркы гуманитардык илимдерде мунун бары колониализм же эстин колонизация кесепеттери болуп эсептелет. Негизи жогорку билимдүү киши эсенциализмди колдонбош керек [эсенциализм (лат. essentia - негиз, маңыз) - бир улутка өзгөрбөс касиет, сапат берүү], же "улутта бир менталитет" болгонун жазгандан баш тартыш керек. Бирок бул жазманын максаты Алияга каршы эмес бирок кыргыз коомчулукта, кыргызчылык, манкурт, өнүгүү, маданият, бийлик деген маселелер жөнүндө комменттерде тытышпай жаңы бир деңгелде дискуссия туудуруш үчүн кана жазылган

2012 жылы Америкадагы Калифорния университетинде иштеген Али Игмендин "Советче акцент менен сүйлөшүү: Кыргызстандагы маданият жана бийлик" деген китеп чыккан. Бул китептин автору өзү кыргыздардын арасында жашап да кыргызчылыкты (kyrgyzness) жана кыргызчылык Совет доорунда кантип артта калгандыктын символу болуп калганын жана ушул процесстеги Кыргыз (А)ССРиндеги Советтик айылдык маданий клубтар жана үйлөр, адабият, театрдын ролун изилдеп чыккан. Доктор Игмен өз китебин жазганда постколониализм деген илимий ыкмасына таянган - ушул сөздүн маанисине жана теориясына кыскача токтой кетейин

 Өткөн кылымдын 50-чү жылдары Франсыянын Мартиника колониясында төрөлүп өскөн, африкалык кулдардын урпагы, кесиби психиатр (Лион университети) болгон Франс Фэнон "Кара тери ак маскалар" (1952) деген китебинде минтип жазыптыр:

Мен, негир - күнөөнүн символу болгонуна көнгөнүмдө, негирлерди жек көрөрүмдү түшүндүм. Бирок кийинчерээк өзүм да негир болгонумду эстедим



Өзү психиатр болуп, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Алжырдагы госпиталда иштеп жүргөндө, кандайча өзүм негр болуп та өзүмдү, өз расамды ушунчалык жаман көрүп калдым деген суроого жооп издеп баштады. Ошол эле мезгилде Алжырда Франсыянын колониалдык башкаруусуна каршы көтөрүлүш чыккан. Фэнон дароо эле ошол кыймылга кошулуп Алжырдын Улуттук-боштондук фронтунун идеологтору катарында болгон. 1956-нчынын жазында Фэнон белгилүү "Министр-резидентке кызматтан кетүү арызы"нда жалгыз кана кызматтан кетүүсүн жазбай, Франциялык ассимиляциялык тарбия жана билим берүү системасындан кетүүсүн жарыялады. Ошол Араб жазындагы окуяны, гуманитардык илимдеги, философиядагы "постколониализм" деген багыттын жаралышы деп эсептесе болот

Постколониализм теориясы - бул философия жана психоанализдин ортосунда түзүлгөн жана алардын ыкмаларын колдонгон илимий багыт. Бизден мурда эгемендүү болгон, колониалдык башкаруудан кутулган Араб өлкөлөрүндө, Индияда жакшы өнүккөн, ошондуктан кыргыздар да алар өткөн жолун изилдеп, тажрыйбасын эске алса чыныгый эркиндикке жолубуз кыскармак деген ойлорум бар. Өзүм да ушул илимий багытына салым кошуу максатында Орус колониализмдин элет (көчмөн) элдерине таасиринин кесепеттерин изилдеп жатамын. Бул багыттагы жазган илимпоздор италиялык философ Антонио Грамши'нын (элди башкарыш үчүн керектүү идеялардын) "гегемония"сы жана француз философ Мишел Фуко'нун (билим берүү системасы - бул биринчиден элди контролдогон тарбиялаган системасы - демек) "билим - бул бийлик" деген категорияларын колдонот. Бул саясатчы, динчи жана колонизарлордун ыкмасы -  өзүңдүн "чындыгыңды", "билимиңди" элдин моюнуна алдырсаң, ошол элдин мойнуна минип түшпөй жыргап жүрө бересиң



"Ак кишинин жүгү" (жергиликтүүнү мектепке алып бара жатат)

Бул эки философтордун идеяларын колдонуп палестиналык Эдвард Саид "Ориентализм" жана "Маданият жана империализм" деген китептерди жазган. Бул китептерде ал чыгыш тануу (orientalism, востоковедение) жана башка Батыштан келген илимдердин Чыгышты жалгыз кана изилдеш үчүн эмес, бирок эң биринчиси башкарыш үчүн жаралганын жана колдонгонун жазган. Ошондо Батыштын билим системасында окуган Чыгыштык киши, өз Чыгыш маданиятына Батыштын көзү менен карап калат та, өз маданиятын артка калган, артка тарткан нерседей эсептеп калат. Ошол Батыштын (анын ичинде Орус-Совет) билими кичинекей кезибизден бери эмдөө катары берилип жатса, "силер артта калдыңар", "биздей болсоңор ийгиликке жетесиңер", "силер өзгөрүш керексиңер", "биздин маданиятыбыз сенлердикинен өйдө турат", "сенлер маданиятсыз эл болчуңар – маданиятты сенлерге алып келген биз" деп турса албетте мындай шартта өскөн киши ушул "билимге" көнүп калат. Кыргызчылыктын жамандыгы сырттан келген эмдөө – аткени Кокоң кандыгындагы "элет" (элатийя) деген сөздүн мааниси "бийликке ээ болгон, алдыда турган, башкага караганда артыкча укукка ээ болгон” деген мааниде болгону менен Орусия келгенден кийин "места отдаленные от культурных центров, глушь" болуп калды



 Ошондуктан билимди алганда, киши аны дароо эле кабыл албай туруп билимдин булагын, анын жайылтуу максатын да ойлонуштуруш керек. Анда "кыргызчылык" жана "элет"тин өйдөгү маанилери кандайча пайда болгонун аныкташ үчүн Орус (жана башка) колониалдык тарбия жана билим берүү системасына көз бурушубуз керек. Анткени мисалы Алия "Эл эмне дейт?” деген сөз маанисинен ажырап, аны эч ким оозуна албай калган күнү жамаатчыл-феодалдык жашоо ыңгайынан бошоно алган ар бир кыргызга ийилип жүгүнөт элем" деп жазганда Совет мезгилиндеги жазылган комсомолдук активисттин сөзүнө окшошуп кетип жатпайбы. Бирок мен Алияны күнөөлөбөйм, азыркы убактагы илим жана билим берүүчү система (Орус-Совет же Батыш эл агартуу системасы болобу) кыргызчылыктын жана аны колдогон  кыргыздардын артта калганын жана бул системаны чыгарган Орусия жана Батыш алдыга кеткенин тастыктоо үчүн жаралып иштеп жатат. Мындай шарттарда, киши канчалык билимдүү болсо ошончолук кыргызчылыктан, "өз элинин артка калган менталитетинен" алыстай берет. Анткени бул "билим" кыргызга окшогон колониализмдин астында калган элдерди өзгөртүү жана башкаруу максаты менен жаратылган да, тилекке каршы азыр да ар кайсы "мугалимдер" (анын ичинде да көпчүлүгү кыргыздардын өзү) аркылуу кыргыз коомчулукка берилип жатат. Бул жагдай кантип жана качан башталыптыр?

Биринчи мугалим

Зомбилер, мага ишенсеңер, колонизаторлордон да коркунучтуу

Франс Фэнон

(Алдын ала айтып койюшум керек, мен Болот Бейшеналиев ойногон Дүйшөндүн образы жөнүндө сөз кылып жатамын, Бейшеналиев жөнүндө эмес)

Дүйшөн ("биринчи") өз элин ошол "жамаатчыл-феодалдык жашоодон" чыгарган кыргыздын эң мыкты уулдарынан болгон. Аларга окшогондор кыргыздын ачык жана бактылуу келечеги үчүн жашоосун бергенге даяр болгон. Прогресстен артта калган, караңгылыкта, билимсиздикте арааң оокат кылган байкуш кыргыз элинин бечара жашоосуна абдан катуу жаны күйгөн. Өздөрү да ачык, жакшы, жүрөктүү, акылдуу, бети-түсү сулуу, сыймыктуу, кайраттуу, ж.б., иши кылып укмуш, шумдук эле кишилерден болгон деп жүрөт эл. Америкалык тарыхчы Лоувелл Тиллетт өзүнүн "Улуу достук. Советтик тарыхчылар орус эмес улуттар жөнүндө" (1969) деген китебинде жазгандай - "Орусия тарабын алган кишилер дароо эле ошол "элдин эң мыкты уулдары" болуп калчу ('лучшие сыны своего народа')".



Кыргызды сүйгөн бирок кыргызчылыкты жек көргөн жана кыйып салган Дүйшөн

Кандайча дагыле Дүйшөндүн образы бизге жакын болуп жатат? Кыргызчылыктын дарагын кыйып салган ордунда жаңы "прогрессивдүү" бактардын көлөкөсүндө өскөн, Дүйшөндүн мектебинде Дүйшөндүн китеби боюнча окуган ошол кыштактын балдары Дүйшөндү жаман демек беле? Москвадан алып келинген Дүйшөндүн багынын көлөкөсү өлкөбүздүн барын жапкан. Эстин колонизациясы жалгыз кана эл "агартуу"-башкаруу системасында эмес, жашоонун бүткүл чөйрөсүнө кирген, анын ичинде - адабият жана анекдот, кино жана мультфильмдеги визуалдуу образдар, акындардын поэзиясы жана сүрөттөчү искусство, "элдик" жомок жана ата-энелердин бактылуу советтик балалык жөнүндө элестер (негизи жөн эле балалык - бул бакыт, советтик балалык эмес), ж.б. - ушулардын барынан дароо эле кутулабыз дегендер абдан жаңылышат, анткени азыркы манкуртташтыруу жужан-наймандын заманына окшобойт

Жакшы жана жаман индеецтер

Куу гурон, жаман ойлуу, түрүү суук байкоочу, алысраак отурган...

Фенимор Купер, Могикандардын акыркысы

Кичинекей кезибизде Фенимор Купердин китептерин көп окучубуз. Купер дүйнөлүк колониалдык адабиятта жакшы жана жаман индеецтердин (абориген, жергиликтүү калк) образдарынын жана "романтикалык" колонизация стилинде жазылган адабияттын негиздечүүсү болуп эсептелсе болот. Анын чын эле таланттуу жазуусун окуганда бир топ суроолор жаралат

Эмне үчүн могикандар ачык, жакшы, жүрөктүү, акылдуу, бети-түсү сулуу, сыймыктуу, кайраттуу болуп сүрөттөлгөн болсо, гурондор акмак болуп калды? Анткени могикандар Англияны колдосо, гурон-ирокездер аларга каршы чыгып дагы эле,  Американын бийлигин тааныбай юридикалык жагынан эгемендүү улут катары эсептелип жатат. Ошондой эле, эмнегедир луораветландар анекдоттогу "чукча" болуп калды - анткени алар Орус падышалык колонизаторлорго каршы Алыскы Чыгышта эң күчтүү туруштук берген. Негизи Куперден кийин, аны туурап империалисттик адабиятта "романтикалык" колонизация сүрөттөлгөндө так ушундай образдар колдонулуп калган - мисалы баарыбызга жаккан Совет классикасы деп эсептелген "Чөлдүн ак күнү"ндөгү Саид (жакшы индеец) жана Абдулла (жаман индеец). Бул жакта да жаңы бир суроо пайда болуп жатат - эмнүчүн "красноармеец Сухов" Чыгыштын аялдарын коргоп жатат жана аларды бошотуп жатат. Чын эле аялдарды аяп пы же Чыгыштын (жаман бы жакшы бы) структурасын, бийлигин талкалаш үчүн бү? "Ак киши кара кишини башкарыш үчүн кара аялды коргойт" болгонсуп көрүнөт. Жогоруда айтылып кеткен Али Игмен өз китебинде да Чыңгыз Айтматовдун жана башка совет кыргыз жазуучулардын эмгектерин изилдеп, кыргызчылыктын жаңы маанисинин пайда болушуна адабияттын  таасирине көңүл бурат. Өзгөчө кыргыздын аялдарынын жаңы образына, жөнөкөй европалашкан аялдарды кантип баатыр жана үлгү кылганын, аялдар арасында кыргызчылыктын жаман маанисинде колдонуп калганын да жазып изилдеди (мисалы "кыз ала качуу” кесепеттери үчүн)



(Бул жакта кыз ала качуу жөнүндө айтып кетиш керек. Негизи кыргызда кыз ала качуу – туурасы "зордук” – кылмыш катары болуп жүргөн, бирок Совет заманында акырындап аны "кыргыздын салты” деп койгон. Анткени Совет заманында кыргыздардын салты "жаман, артка тартычу” нерседей көрсөтүлүш керек болчу. "Кыргыздын салты боюнча кызды ала качтым” деген – ошол кыргыздын эс-акылдын колонизациялангандын эң белгилүү жана оор кесепети, мындай жигит жөн эле кылмышкер эмес, манкурт-кылмышкер)



Кичинекей кезибизден окуган, кинодон көргөн Ункастай жакшы индеецтер, Дүйшөндү таланттуу ойногон Болот Бейшеналиев, Уркуяны аткарган жылдыздай Таттыбүбү Турсунбаева теңири жакшылыктын күчтөрү тарабында турса, аларга каршы кыргыз болуп кантип чыга алабыз? Бул биздин балалыгыбыз, бул биздин аталарыбыздын жашоосу - манкуртчулуктан кетүү - бул өз жашооңдун жармысын жоготууга тең келет. Төөнүн терисин баштан дароо эле сыйрып алмай оңой иш эмес. Бул физиология, анткени биздин мээбиздеги нейрондорубуз ушунун барын узун эске жазып алган, узун эстеги элестерден өлүп эле кутулсак кутулалбайбыз. Колониализмге каршы күрөшкөн Тунистик Алберт Мемми кеийп муну жазган: "Кулчулуктун күндөрү бүтүп та эми биздин көзүбүздүн алдыбызда жаңы киши төрөлөт деген үмүттөр бар болчу. Бирок бул болбой калганын деколонизация көрсөттү, айткым келбесе да айтыш керек - чыныгы жаңы киши пайда болгончо, колонизацияланган киши дагы көпкө чейин жашайт"

Бирок балким биз да улуу жердешибиз Чыңгыз Айтматовтой өзүбүздүн манкурчулугубузду түшүнгөндөн кийин башкача ойлор жана аракеттерди кылабыз. Анткени Айтматов дайыма өз тажрыйбасын колдонуп китеп жазчу, балким да өзүн кыргыз маданиятын талкалаган Советтер режимине кызмат кылганын түшүнүп кээ бир орус критиктерди "ранний Айтматов был лучше" деп айттырып, "Кылым карыткан күн"дөн кийин такыр башкача адабиятты жаза баштады

Категория: Тарых | Добавил: elbilge (27.04.2013)
Просмотров: 1639 | Рейтинг: 4.2 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 495
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz