Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Пятница, 29.03.2024, 01:10   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Тарых

Хал Заман

Хал Заман

Алдаш Жээнике уулу


Падыша Залим кутурду,
Букарасын тең көрбөй.
Бузуп журттун мүнөзүн,
Бирине бирин тукурду.
Таалайы качаар өкүмөт
Өзүнө казат чуңкурду.
Падыша Николай,
Балекет баскан иттер-ай!
Билимге качан тең кылды
Артыкча биздин кыргызды.
Бирине бирин жем кылды.
Билимсизди бий кылды.
Күндө отуруп сыязын
Бийибиз абдан ый кылды.
Ыстарчын болду бул тапкан,
Ынсабы жок акмактан.
Ындыны өчтү элимдин
Калбады Адам журт бакан

Бир дубанда окуган
Эшмукамбет, Касымбай
Караколдун училиш
Гимназия бүтүрдү-ай,
Эч илимге жетпеди,
Байкап көрсөм мансабы,
Бесирликтен өтпөдү.
Бир дубанга баш кылып,
Оезду койду начендик,
Олураңдап коркутуп,
Опуза кылат машендик.

Айлалап ар бир болуштан,
Жыйнатып миңден теңгисин,
Жатып алып сен жейсиң,
Ушуга эми не дейсиң?
Болобу теги ынсабың?
Кумар ойноп уттуруп,
Түгөнүп калса тыйының,
Кыласың шайлоо жыйынын.
Кайтадан чыгым жаясың.
Канабы сенин кумарың?
Калбай барат уятың.
Калкты кажып отуруп,
Качан тоет курсагың?
Же жалган айтып жатамбы?
Тапчы менин катамды?
Караколдун уези
Качан толот күнөөсү?
Калк чогулуп, арыз кылса,
Ыстарчысы жасоолдун,
Сарынын уулу Абдылда,
Тазалап актайт күбөсү.
Актабаска болобу
Бир болсо жеген мүчөсү!?
Нечендеги Ионов
Бугусеич Лиханов
Помощдиги Храмин
Палиса ачендик - пристав
Катунсевский, Кайчов
Базарга элди жүргүзбөйт.
Кысталып калган адамды,
Отуртуп жерге сийгизбейт.
Балекет баскан жасоолу
Жалдуу жылкы мингизбейт.
Кара көрпө тебетей,
Жаңы чапан, жакшы тон,
Жакалуу кийим кийгизбейт.

Зымчы болгон төрөсү
Мусуренко Уюдун(Юдин)
Элдин баарын улуттуң,
Кедейлердин жерлерин,
Кесип берди котурга
Көпөш болгон оруска.
Айдап чыкты тоо-тоого,
Ашып кечти эчэн бел,
Аштык айдаар жери жок
Азыр жүрөт кайран эл.
Шол кылганды дуруспу?
Аргысы кеткен эли - журт,
Акыркы түбү бир күнү,
Бунт кылып салаар урушту.

Тоону да кесип бериптир
Лесничий кысталак,
Күндө салат анысы,
Коломто деп штараф .
Салганын төлөй албасак,
Урдуруп сабайт ызалап.

«Тоо - токойдун арасын,
Карагай чердин салаасын
Аралаба, баспа! - дейт, -
Руксатсыз менден чегедек,
Бир бутагын сындырып,
Отун алып, жакпа! - дейт.
Жайба, - дейт, чарба малыңды,
Арканда, - дейт, - жалгыз атыңды».

Жайылса, кокус малыбыз,
Бошонсо жалгыз атыбыз,
Күнөкөр болот башыбыз.
Ылоо болот атыбыз.
Айдап барып тапшырат,
Жөө карагай тарттырат.

Зооту бар тактайчы,
Кара мүртөз таранчы.
Атабаев Касымга,
Рахымы жок капырга,
Тактай тилип алты айга,
Иштейбиз тегин малайга.

Атабайдын Касымы,
Арам ырыс капыры,
Айылды жаман каарыды.
Алакандай жайлоонун,
Баш-аягын таарыды.

Өзү сайып алгансып
Карагай, арча, талдарды.
Ач бөрүдөй аңдытты
Аркандап койгон аттарды.
Алдына салып кубалайт
Карагат терген балдарды.

Акысыз малай алууга,
Айласын анын табууга,
Чычкакка иттей кыныкты,
Чыгарды далай кылыкты.
Колуна берип мылтыкты,
Аткарып койду, карачы,
Абийри кеткен Байзакты.
Кыркып салып арканды,
Кыянат салып ал дагы,
Кызартып көзүн Байзагы.
Кырк аттан ар күн айдады.
Абиенчик, балкачы,
Айбандыгын карачы.
Айылга келет анталап,
Ар күнү келип аңтарат,
Айгайлатып чаң салат.
Аялдарды коркутуп,
Ала кийиз, жүн сурап,
Сансаң, кара көрпө алат.
Сураганын бербесе,
Кысырларын кыйкыртып,
Бооздорун боздотуп,
Баласын бойдон түшүрүп,
Аялдарды сабашат.

Кардончу келет каңкуулап,
Каймак, сары май сурап,
Кийиз өтүк, байпакты
Сары май менен каймакты.
Анны менен шүк турбайт:
Казы, карта, сүр сурайт,
Ар нерсени көп сурайт,
Атына арпа, чөп сурайт.
Ынсап кылбайт бергенге,
Эч убакта ишенбейт,
«Эмми жок калды!» дегенде.

Эгини жоктун ун сурайт,
Эчкиси жок шордуудан
Жоолуктук тыбыт жүн сурайт.
Ую жоктон сүт сурайт.
«Бергин - деп, - жалгыз атыңды»
Унаасы жоктон күч сурайт.
Сураганын тапкыча.

Десничий, балкачы,
Абиенчик, кардончу
Буртакелин (протоколун) жазышат.
Оор чыгым ыштарап,
Үч жүз теңге салышат.
Чакчелектей, будуң-чаң,
Чаң тополоң түшүрөт,
Үйүң сыйрып көчүрөт.
Көчкөндө бараар жери жок
Амалсыздан кедейлер
Алды-алдынан басышат,
Ар кайда тарап качышат.
Тили буру дуңгандын
Байларына барышат:
- Мени малай алгын - деп,
Асты-астынан жалынат.
Азапка минтип чалынат.
Малайга башы байланат,
Акыры түбү - аягы,
Кулдукка башы айланат.

Байлары кыштай дуңгандын
Иригин борго байлатып,
Жаз башында шаарга -
Анжиян менен Фаргана -
Көгартты ашып айдайт.

Коюна кошуп малайын,
Сатып кайтат далайын.
О, кантесиң - а, кантейин?!
Кайсы бирин айтайын!...
Мен айттым көзүм көргөндү
Кең дүнүйө тарыптыр
Жан сактатпай турган өңдөндү
Кедей менен кембагал-а,
Бечара, байкуш карыпты!

Заманың кыпкызыл корго айланып,
Кедейлер ачуу шорго кайнады.
Соодагер, байлар издешет
Күнү-түнү пайданы.
Алардын тапкан пайдасы
Улуктун оозун майлады,
Кичиктин оозун байлады.
Каңгырап башым маң болду,
Табабыз кандай айланы-а!

Старажник коюптур,
Доңуздай Занин Чоң Колду.
Баарыдан Чоң Кол чоң болду.
Жыгып минип бээсин,
Ээрчип барса ээсин,
Жыга муштап өлтүрүп,
Кай бирин жанчып чала өлүк,
Далайды Чоң Кол сойлотту.
Жесир кылып аялын,
Жетим кылып баласын
Ботодой Чоң Кол боздотту.
Бий-болушка камаса,
Ыстарчын келип сабаса,
Күндө төлөп чыгымды,
Тынч алдырбай жадатса,
Кыла албасак эч бир иш,
Кыйнылгандан түрмөн тынч!

Категория: Тарых | Добавил: elbilge (07.03.2010)
Просмотров: 1457 | Рейтинг: 5.0 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 615
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz