Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Четверг, 28.03.2024, 23:46   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Тарых

1916-жыл (Үркүн жыл)

1916-жыл (Үркүн жыл)

Калык Акый уулу


Падыша салган зордукту,
Баштайын ырдап алыстан.
Бай-манаптар, бий-болуш
Балакет болду жабышкан.
Бул кордукка чыдабай,
Ок атыштык намыздан.
Кантип айтпай коёюн,
Кан жутуп турган жергемди.
Кыргыз эли жыгылып,
Кытайга батпай тыгылып,
Же кырылаар кези келгенби?
Замбирек чыгып күрүлдөп,
Азат бою дүрүлдөп,
Адамдын кетти амалы.
Окуусуз кыргыз элимдин
Оодарылмакчы заманы.
Падыша залим түтүндөн,
Пайпак менен тон алды.
Барган сайын кыныгып,
Баштагыдан чоң алды.
Жаңысын алды кедейдин
Кийип турган тонунун.
Көтөрөбү дыйкандар,
Көркоолордун жоругун.
Басмырлап кыргыз элимди,
Падыша күчүн курады.
Он тогуз жашта балдарды,
Отуз бирге барганды,
Содаттыкка сурады.
Көтөрүлдү бирлешип,
Жарды-жалчы балдары.
Айлына болуш чакырса,
Ат бастырып барбады.
Бой тирешти дыйкандар:
Болуш уулун албайт деп,
Букара жарды, кедейде
Боз балдардан калбайт деп.
Болуштар бизди алпарып,
Болот окко кармайт деп.
Ал ажалдан биз өлсөк,
Атабыз мында зарлайт деп.
Жапа чеккен элдерди,
Жамгырдай окко кармайт деп.
Жалгызым деп буркурап,
Энебиз мында зарлайт деп.
Пикири бирге уездер,
Бийлердин уулун албайт деп.
Деп оолугуп түмөндөп,
Кары жаш дыйкан куралды.
Кабарлашып бекишип,
Кайрат күчү уланды.
Убада айтып, шерттешип,
Чакырды эркин ураанды.
Көтөрө чыкты кыргыз эл,
Көйкөлтүп кызыл тууларды.
Үйөздөр качып үлдүрөп,
Биристаб коркуп сүлдүрөп,
Канын төгүп кармашып,
Калың дыйкан дүңгүрөп.
Батыр элим баш тартпайт,
Падыша менен урушкан.
Жарак жок деп жазганбай,
Жамгырдай окко турушкан.
Курчап алып токмокту,
Ойлонушпай коркмокту.
Биристаб, үйөз, болушка
Букара салып сокмокту.
Падышанын буйругу,
Телеграм келди крайга.
Кыргызды карай ок атып,
Содаттар келди бир айда
Аягы Талас, кең Чүйдө,
Олуя-Ата, Меркиге
Он миң солдат өрдөгөн
Койбоду элди эркине.
Аралап өттү көп солдат
Арасы кыштак Ак-Суудан.
Кары кату залимден,
Качууга кирди көп тууган.
Качпай калаар айла жок,
Кан төгүүчү жоо кууган.
Каарына чыдабай,
Кашкарга качтык көп тууган.
Жазыгы жок бала, эне,
Кордук көрдү, атылды.
Бейпил жаткан байкуш эл,
Ак жеринен чачылды.
Кааналык болду деп,
Малы-мүлкү сатылды.
Талап өттү солдаттар,
Зордук менен бүлүнттү.
Жазы Чүйдүн салаасын
Жүрүшүнөн эл билди,
Жүрөгүнүн карасын.

Падышалык төрөгө
Кызмат менен жагам деп.
Көтөрүлүш чыгарган,
Көп кедейди табам деп.
Сооромбайдын Дүр жүрдү,
Майорлор менен бир жүрдү.
Каргашалуу Дүр баштап,
Качкан элди бүлдүрдү.
Байкуш дыйкан кедейди
Барсылдатып сабады.
Дайынсыз куду далайды.
Даргага тартты, күнөөсүз
Эчен-эчен малайды.
Өз элим дейсиң падыша,
Өкүмүң ушул жарайбы?
Жумгалдын ичин өрдөдү,
Кедейди итче көрбөдү.
Тирүүсүнө тең болду,
Тике атылып өлгөнү.
Кыргыз эли ушунча
Кыйынчылык көргөнү.
Кагазын сунуп калтырап:
«Төрө кызды бактып деп,
Бир кишим жок катышкан,
Таксыр бул уруштан акмын деп.
Падышанын аманын
Кудайдан тилеп жаттым» деп.
Күрүчбектин Түркмөнү
Эки мылтык таапшырды,
«Качкан элден таптым» деп.
Төрт жүз үйдү кондуруп,
Туу бээлерди сойдуруп,
Бир болуш элди жыйдырып,
Самаварды койдуруп.
Эки жүз элүү кой союп,
Энеси эркек туугандай,
Тополоңдоп той союп,
Турусбек күттү солдаты.
Кармап кайта бошотту,
Байзактын уулу Зарбатты.
Бошонгон соң ал залим,
Букара элди зарлантты.
Качкан элдин эгинин
Чөбү менен өрттөдү.
Аралаган жерине,
Зыян кылбай өтпөдү.

Аралашса солдатка,
Адамдын көбү атылды.
Алып кетти солдаттар,
Сулуу кыз, сулуу катынды.
Ошол сулуу кыз, келин
Он эки сомдон сатылды.
Жалган ушак жазыктан
Далайлар дароо кармалды.
Кармай берди үстүнө
Каралап ага барганды.

Турук алаар жери жок,
Туш-туш жакка тарады.
Аякта да жалдырап,
Байлардын көзүн карады.
Тың бүлөнү карматып,
Тыңчылар дагы камалды

Категория: Тарых | Добавил: elbilge (20.03.2010)
Просмотров: 1737 | Рейтинг: 0.0 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 615
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz