Ырдын азабы Калык Акы уулу Тентип-тербип жүргөнчө, Элимди издеп табайын. Киндик кесип, кир жууган, Жеримди издеп табайын. Желмогуздан кутулуп, Жаш жанымды багайын. Жашымдан өстүм жалданып, Жалчылыкта кармалып. Кармалаарга көз жетип, Качып чыктым сандалып. Кадырбай, Сатар, Каратал, Ажыратып албадың
Кесилдим эки тараптан, Кекеткен болуш манаптан. Теңирдин иши көрүнөт, Теңдиги жок жараткан. Кудайдын иши көрүнөт, Кул катары жараткан. Байгазыдан кесилип, Балапан башым эзилип. Турмуш жайым кысылып, Жеримди издеп баратам. Байгазы болуш, Кадырбай, Ичиңер - эл, сыртың - жоо, Чыяз куруп чыкчыйып, Сураганың күндө доо. Какшык угуп, камчы жеп, Кантип турам ошого Биз өңдөнгөн элсиздер, Силер үчүн тамаша. Жетим, жесир дебестен, Жеткирдиңер каргаша. Абылкасым кесилди Алы жоктон менчилеп, Каяша айткан кишини Камакка берди энчилеп. Жылынаар отун жогунан, Жумгалга качтым тентиреп. Өзүмдүн элим жогору, Өрүшкө бирге конолу. Өз тууганын унутуп, Өксүп жүргөн болобу? Өлтүрүп койсо алимдин Эмнеси короду? Душмандык кылып өлтүрсө, Туз төккөндөй болобу?
|