Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Пятница, 19.04.2024, 10:48   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Ак-Бак Заман

Тар Заман

Тар Заман

Арстанбек Буйлаш уулу (1840-1882)

Карылардан кеп уктук,
Уламадан сөз уктук.
Ошондо орус чыгат дечү эле,
Миң үйлүүгө баш болуп
Болуш чыгат дечү эле.
Буйрук менен кондурган
Конуш чыгат дечү эле  

Ушу заман тар заман,
Азуулуга бар заман.
Бечарага зар заман.
Заманың келди закымдап,
Тайган иттей такымдап  

Улуу суунун баарысы
Чулук болот дечү эле.
Кичүү атанын балдары
Улук болот дечү эле.
Жаан-жуун азайып,
Шамал болот дечү эле.
Адамзаттын билгени
Амал болот дечү эле  

Кыш көбөйүп, жигиттер,
Жай азаят дечү эле.
Карындагы жыйылган
Май азаят дечү эле.
Короодогу айдаган
Кой азаят дечү эле.
Оюн, күлкү түгөнүп,
Той азаят дечү эле.
Көч алды болоор орусуң,
Сары журт болоор конушуң.
Жайлоо тургай, төр кайда,
Ачып кирээр көр кайда?  

Казак, кыргыз жыйылып,
Бата кылып алсак бейм?
Кашкардагы Бадөөлөт
Ата кылып алсак бейм?  

Байыркыдан барк кетти,
Каадалуу нуска нарк кетти.
Жардылардан барк кетти,
Каада, нуска, нарк кетти  

Онжогой куйрук күрөң ат
Орустан чыгат дечү эле,
Оң кулактуу миз казан
Колодон чыгат дечү эле.
Шумдуктуунун баарысы
Баладан чыгат дечү эле  

Акча, теңге түгөнүп,
Тыйын чыгат дечү эле.
Атасынан баласы
Кыйын чыгат дечү эле.
Кала-коргон көбөйүп,
Кент түгөнөт дечү эле.
Тегерете урдурган
Коргон чыгат дечү эле.
Тегеректин баарысын
Кагаз менен иштетип,
Соргон чыгат дечү эле.
Кийинкинин баарысы,
Буту-колун жашырбай,
Дөрбөл чыгат дечү эле  

Алматыдан аттанып,
Орус келе жатырай,
Кыска чөптүн баарысын
Коруп келе жатырай.
Узун чөптүн баарысын
Оруп келе жатырай.
Бул орусту карасаң,
Ченчи салып, жерди алды,
Бээден туулган керди алды.
Карды салык Байды алды,
Кача турган жайды алды.
Качканың кайда кутулду,
Туурадан салды тозокту
Кармап алды Кулжадан,
Балбай менен Шоорукту!
Сууга чыккан жекендей,
Орус келсе, сыйлайсың
Ак сакалдуу акеңдей.
Илгерки кары калыптыр
Сууга түшкөн текедей.
Бул орусту карасаң,
Суу-сууга салды бекетти,
Болуштарды карасаң,
Катынындай кекетти  

Жасоолдор келет шарактап,
Жардынын жалгыз атын карактап.
Жасоолдо ылгабай минди айгырды.
Жакшылардын баарысы:
«Чын ушундай болдум» - деп,
Жатып алып кайгырды.
Алтын, күмүш түгөнүп,
Кызыл кагаз бул болду  

Куран жатып, үстүнөн
Кат жүгүрөт дечү эле.
Ошо каты көтөрүп,
Ат жүгүрөт дечү эле.
Өзү сары, көзү көк
Орус чыгат дечү эле.
Ошол орус чыкканда,
«Бир, эки» деп санаган,
Тыйын чыгат дечү эле.
Атасынан баласы
Кыйын чыгат дечү эле.
Ошол орус чыкканда,
Эки башы кайкайган,
Кайык чыгат дечү эле.
Мейли кадыр болом деп,
Элечегин булгалап,
Зайып чыгат дечү эле.
Ошол орус чыкканда,
Кара жол кылаар көлүңдү,
Эсепке алаар жериңди.
Кайсаңдаар сенде чама жок,
Капкандай чабаар белиңди.
Ой, журтум, көрөрсүң
Араба менен чананы,
Бага көр торпок менен танааны.
Бакпасаң торпок менен танааны,
Зили түбү сактаарсың сары таланы.
Солдаттыкка берээрсиң,
Ичиңден чыккан Баланы  

Карагайдын башында,
Чыны болот дечү эле,
Чыны менен жүргүзгөн,
Зымы болот дечү эле.
Алты айчылык жолдордон
Алты күндө сүйлөшкөн
Бу капырдын сыры болот дечү эле  

Устаранын мизиндей,
Оодарылган дүнүйө.
Жасоолдорун кийгени
Катар-катар дүрүйө.
Жасоолдор минди жакшы атты,
Жардынын баарын какшатты.
Жасоолдор минди күлүктү,
Элге салды бүлүктү.
Ушул заман болгондо,
Мусулман көрөөр бүлүктү  

Акыр заман болгондо,
Кой азаят дечү эле.
Журтта ургаачы көбөйүп,
Бой азаят дечү эле.
Бойго жеткен кыздардын
Баштагыдай көркү жок,
Той азаят дечү эле.
Кыз он бешке чыкканда,
Энеси баш бербей,
Боюн күүлөйт дечү эле.
Эмки азаматтын баарысын
Катыны бийлейт дечү эле.
Элечегин булгалап,
Зайып чыгып жыйынга,
Чечен болот дечү эле.
Ушул кийинкинин баарысы,
Бечел болот дечү эле  

Шум жалгандын белгиси -
Карагайдын таңында,
Элик болду элибиз.
Каптаган тузду көтөргөн
Көлүк болду эдибиз,
Башка чапса, былк этпес,
Өлүк болду элибиз

Категория: Ак-Бак Заман | Добавил: elbilge (12.05.2010)
Просмотров: 19916 | Рейтинг: 4.4 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 620
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz