Главная страница

Регистрация

Вход

english

  

Суббота, 24.06.2017, 12:00   

Приветствую Вас Гость | RSS  

  

   Элбилге :: Прикосновение к истории

   Elbilge :: Touch a History

Начало » Статьи » Кыргызча » Ак-Бак Заман

Кыргыздардын Теңиртоону ээлеп калганы
Кыргыздардын Теңиртоону ээлеп калганы

(Элери Битикчинин бир бөбөктөн угуп түшүнгөнүн жазып алганы)

Мындай да…

Илгери илгери Теңир кишилердин согуш чатагынан чарчап, ар бир элге өз жай журтун бөлүп берейин деп, элдердин баарына бир чакырык жөнөтүптүр. Кыргыздар болсо каны баш болуп жайлоодо кымыс ичип жыргап жүрүп, чакырганын да унутуп, айтылган күнүн да өткөзүп жибериптир. Күндүн биринде ошол жайлоого башка бир эл келип, бул менин жерим, Теңирим мага бөлүп берди деп анын жасагын көрсөтүп кууганда гана Кыргыздар каны баш болуп ал чакырык жөнүндө эстептир. Ошондон бери кайда гана барса да бүт жерди башка элдер ээлеп алышыптыр. Ошентип Кыргызэл жер журтсуз көп жыл урунуп беринип жүрүптүр, башкалардын да жерин талаша албай. Акырында айла жок Теңирге барганга жалданып суранганга аргасыз болду. Эл шайлаган, ак кийизге көтөрүлгөн канын жибериптир.

Бирок Теңир ага кайда жүрдүн?, Жердин баарын эчак эле бөлүштүрүп койгонбун деп айдап жибериптир. Ошондо Кыргыздын каны мындай сунушун элге бериптир. «Элибиз такыр эле байкуш болуп чыдай албай, жок болуп кетээри баарыбызга белгилүү. Башка элге кул болсок да бир жака кирип куу башыбызды тыгып алайлы» десе Кыргыздар буга аргасыз макул болуптур, кандын акылын мактап жатып калыптыр. Бирок Жерэнче деген жаш жигит ортого чыгып, кул болгончо өлөйлүү деп, башка элге суранып жалданганча Теңирге дагы бир жолу барып андан жакшыраак суранганды канга сунуштаптыр. Кыргыздар болсо каны баш болуп ал жигитти «Теңирге өзүн барып жакшыраак айтып көр» деп, «Жерэнче Делбе» деп ат коюп шылдыңдап артынан кууп тепкилеп колу бутун байлап «Өлгүң келсе – өл», деп талаага калтырып кулдукка кетиптир

Тепки жеген Жерэнче өз арманын, элинин арманын айтып, Кыргыздардын кулдукка кеткенин көрүп жашоодон чанып талаада жалгыз жерде жатса өйдө жакта эки куш учуп жүрүптүр.

Учуп жүргөн куштардын жолун байкап көпкө карап жатыптыр, анан эле бирдемени таап ошол эле заматта Теңирге жөнөптүр.

– Мен Кыргыздардын атынан сага келип бизге жер бөлүп бер деп өтүнөмүн, Теңирим дептир.

– Кайдагы Кыргыздын, сени өз элиң кууп салган эмес беле?

– Демек элим мени кууганымды билет турбайсыңбы?, десе

– Эми мен Теңирмин да Жерэнче Делбе, албетте билемин – деген жоопту угуптур.

Анда Жерэнче: ……………………………...[бул жакта бөбөктүн сөзүн такыр түшүнөй албадым; бөбөктөрдүн тилин билсеңиз, мага кайрылыныз, сураныч  – Э.Б.]

Макул Жерэнче, жеңдиң мени. Жерде бейишке окшогон эс алуучу жер катары өзүмө бир жай калтырган элемин, аны Кыргызэлиңе беремин – дептир Теңир.

Ошентип Кыргызэл өз жерине ээ болуптур, кулдуктан кутулуптур. Жердин атын Теңиртоо деп коюптур. Каны уят болуп элинен качыптыр. Жерэнче Делбеге болсо эл Жерэнче Чечен деген наам коюптур. Өзү болсо элине кайтпай кайып болуп кетиптир.

Ушундай…

Категория: Ак-Бак Заман | Добавил: elbilge (08.05.2011)
Просмотров: 705 | Рейтинг: 4.3 |

Меню сайта
Категории каталога
Тарых [7]
Ак-Бак Заман [28]
Ыр, санат, терме [27]
Санжыра [1]
Жомок [2]
Поиск по каталогу
Форма входа
Статистика
Онлайн всего: 1
Гостей: 1
Пользователей: 0

Наш опрос
На ваш взгляд - война 1939 - 1945 гг. это:
Всего ответов: 498
Друзья сайта

Copyright elbilge © 2003-2007 Сайт управляется системой uCoz