Калботого ырдаганы Коргол Досу уулу Оорубай адам дарт болбойт, Оңбогон манап март болбойт. Кешигин жеген Калбото, Кедейден чыккан калп болбойт. Кабаган иттей алышкан, Ырчыларда салт болбойт. Короочу сендей урганды, Мала кашка дөбөттөй, Манапты ээрчип турганды, Коргол деген алп койбойт.
Сандыгың толо алтының, Манаптан мактап алганың. Чакчаңдаба Калбото, Чачыңдан көп жалганың. Аш берген жерге Калбото, Алты күн жатып ырдайсың. Алкымыңды кызартып, Алмайынча тынбайсың. Букара-кедей тобуна, Жакшылыкты кылбайсың
|